[20. 5(1. 6). 1804, Новоспасский с, азыркы Смоленск обл.—3(15). 2. 1857, Берлин] — композитор, орус классикалык музыкасына негиз салуучу. Помещик үй-бүлөсүнөн. 1817-ж. Петербург Башкы пед. окуу жайындагы Благородный пансионунан окуп, фортепьяно, скрипка, ырдоо, композиция теорияны б-ча сабак алган. 1830-жылдан чет өлкөлөрдү (Италия, 1830—33; Берлин, 1833—34, 1856—57; Париж, 1844—45, Испания, 1845—47) кыдырып, атактуу композиторлор м-н кездешет, муз. билимин өркүндөтөт. Ата мекендик ж-а дүйн. музыкалык тажрыйбаны өздөштүрүү Г-нын жаңычыл чыг-лар жа-ратуусуна негиз болду. 1836-ж. Петербург Чоң театрында анын «Иван Сусанин» операсы коюлуп, элдин майтарылбас эрдиги, патриотизм идеясы сүрөттөлөт. 1842-ж. ушул эле театрда «Руслан-Людмила» операсы коюлат. Г. классикалык орус опера-сына, симфонияга негиз салып («Камаринская» ж. б.), вокалдык лирика-нын тарыхында жаны доорду ачты. Мис, сөзүн А. С. Пушкин жазган «Петербург менен коштошуу» аттуу романстар цикли. Г. «Испан увертю-ралары» — «Арагон хотасы» (1845), «Мадрид түнү» (1848) чыг-лары симф. музыкада испан муз. фольклорун пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө алгач ирет жол ачкан. Украин, поляк, финн, италян, чыгыш элдеринин муз. образдары м-н обондорун өз чыг-ла-рында чеберчилик м-н пайдаланган. Г.— 80ге жакын чыгарманын автору.

Ад.:  Орлова А., М. И. Глинка. Летопись жизни и творчества, М., 1952; Глинка в воспоминаниях современников, М., 1955.

от 2020