ГЛАЗКО

от2020

Ноя 29, 2020

 — Улуу Британиянын түн.-батышындагы шаар. Орто Шотландия түздүгүндө (Шотландия). Калкы 956,2 миң (1968). Г.—башкы транспорт тоому, соода борбору ж-а ири порт. Г. дүйнөдөгү кеме куруучу ири борборлордун бири: согуш кемелери, танкер, жүргүнчүлөрдү ташуучу ири лайнер-лер жасалат; электр техника, станок куруу, авиакыймылдаткыч жасоо ө. ж. жакшы өнүккон; тамак-аш, кийим тигүү, текстиль, полиграфия сыяктуу о. ж. тармактарынын мааниси чоң. Ун-т (1451-жылдан), Шотландия муз. академиясы, көркөм галерея, Глазго музейи бар.

от 2020