[9(21). 6. 1883—20. 12, 1958] — орус совет жазуучусу. 1920-жылдан КПСС мүчөсү. Алгачкы аңгемеси 1900-ж. жарыяланган. «Цемент» (1925) романында жумушчу табынын кажыбас эмгегин, Компартиянын жетекчилик ролун даңазалап, коммунисттердин образын түзгөн. Бул романды М. Горький жогору баалаган. 1932-ж. «Чакан трилогия» сатиралык аңгемелер жыйнагы чыгат. Г.— «Ант» (1944) повестинин, согуштан кийин «Бала чак жөнүндө повесть» (1949; СССР мамл. сыйл. 1950), «Эрктүү кыз» (1950; СССР мамл. сыйл., 1951), «Машакаттуу мезгил» (1954) автобиогр. трилогия-нын автору. Ал 2 Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.:  Собр. соч., т. 1—8, М., 1958—59; Цемент, Фр., 1963.

Ад.:   В о л о ж е н и н А. В., Фёдор Гладков, М., 1969.

от 2020