ГЛАДИОЛУС

от2020

Ноя 29, 2020

 (Gladiolus)—чекилдек-тер тукумуна кирүүчү көп жылдык өсүмдүк. Бул пияз сымак, жылуулукту коп талап кылуучу гүл. Сабагы көбүнчө бутактабай, түз өсөт. Бийикт. 25—220 см. Жалбырагы канжар сымал тик, түсү жашыл же көк жашыл. Гүлү ак сары, күлгүн кызыл, көгүлтүр ж. б., ар сабагында бир же эки катар жайгашып, алты түрдүү үлүчн-төн турат. Түш. ж-а Түн. Африкада, Европа, Азияда Г-тун 200го жакын, СССРде 9 түрү бар. Кооз гүл катары анын копкө гүлдөөчү, ар түркүн гүлдүү гибриди өстүрүлөт. Г. түбүнөн, сабагынан көбөйөт. Кырг-нда Г-тун «Ысык-Көл» ж-а «Күлүң көз» деген сорту чыгарылган, гүлү эң кооз, көбүнчө гүлдестеге пайдаланылат.

от 2020