ГЛАДИАТОРЛОР

 (лат. gladiator, gla-dius — кылыч деген сөздөн) — Байыркы Римдеги амфитеатрлардын арена-ларында жекме-жеке же жырткычтар м-н куралчан карматуу үчүн атайын машыктырылган кулдар, согуш туткундары, кылмышкерлер ж. б. адамдар. Г. катаал режимдүү мектептерде машыктырылган ( мис, б. з. ч. 74—71-жылдагы кулдар көтөрүлүшү-нүн башчысы Спартак машыккан Римдеги, Капуадагы мектептер). Г-ду кармаштырып көрсөтүлчү оюн-зоок 5-к-дын башынан тартып токтотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *