ГИСТОЛОГИЯ

(гр. histos — ткань ж-а …логия) — айбанаттардын ж-а кишинин таандары ж-дөгү илим. Өсүмдүк тканын өсумдук анатомиясы окутат. «Г.» терминин илимге немең илимпо-зу К. Майер (1819) киргизген. Г-ньга максаты: ткандардын эволюциясын түшүндүрүү, организмдеги өсүүсүн (гистогенез), клеткалардын функциясын ж-а ар кыл таандардан^ клеткалардын өз ара байланышын ж. б. изилдөө. Г. жалпы ж-а айрым болуп бөлүнөт. Г. өзүнчө илим катары 19-к-дыя 80-жылдары өөрчугөн. Бул жылдары микроскоп өркүндөтүлүп, ал үчүн тканды даярдоо техникасы бир кыйла өнүгөт. 1839-ж. немең биологу Т. Шванн аныктаган клетка теориясы Г. методологиясына негиз болгон. 19-к-дын 2-жарымы — 20-к-дын башында эпителийлүү ткань (А. Кёлликер, Э. Лагес ж. б.), ички ткань (В. Эбнер, И. И. Мечников ж. б.), булчуң тканы (М. Гейденгайн, А. И. Бабухин), нерв таандары (. ] Гольжи, М. Д. Лавдовский ж. б.) ж-дө маалымат алынган. Россияда Г. Петербург, Москва, Казан, Киев ун-ттериндө өнүккөн. Окт. рев-ясынан кийин ун-т кафедра-ларынан сырткары, мед. ин-ттарда да Г. б-ча иштер жүргүзүлгөн. Г-лык изилдөөлөр СССР ИА м-н СССР МИА-нын ин-ттарында жүргүзүлүүдө. Азыркы мезгилдеги Г-да, айрыкча гисто-физиологияда, ткандын касиетин изилдөө б-ча эксперименттик ыкмалар кеңири колдонулат. Жалпы Г-нын негизги маселеси— ар кыл типтеги клеткага таандык өнүгүү потенциясын, дифференция туруктуулугун сактоо механизмин ж-а анын өзгөрүүсүн түшүндүрүү. Жалпы түйүлдүктүн өөрчүүсүндөгү ткандардын түзүлүү гистогенезин, о. эле жаныбарлардын ткандарынын жаңырып турушун (жарат, үшүк ж. б.) изилдейт. Айрым Г. органдын таандык арх-расын, андагы ар кыл ткандардын өз ара байланышын, ткань ичиндеги ж-а ткань аралык регуляцияны, ор- ] гандын иштөө абалынын гистология-лык эквиваленти ж-а таандык ком-ноненттердин регенерациясын иликтейт. Айрым Г-нын максаты — органдын гистологиялык ж-а клеткалык структурасын, гистохим, ж-а гисто-физиол. өзгөчөлүктөрүн билип, жыйынтыктап, органдын кыймыл-аракетин аныктоо. Азыркы Г-нын негизги максаты — сыпаттап жазуудан эксперименттик изилдөөгө өтүү. Г-лык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары анатомдордун, гистологдордун ж-а эмбриологдордун бүткүл союздук ж-а ресл-калык илимий мед. коомдорунун кецешмелерипде, цитологиялык, гистохим. ж. б. конф-яларда талкуула-нат. СССРдеги гистологдордун негизги басма органы — «Архив анатомии, гистологии и эмбриологии» (1916-жыл-дан). Чет өлкөлөрдө атайын журналдар чыгат.

Ад.:   Епифанова О. И., Гормоны и размножение клеток, М., 1965; Иванов И. Ф., Ковальский П. А., Цитология, гистология, эмбриология, М., 1969.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *