ГИССАР ӨРӨӨНҮ

от2020

Ноя 28, 2020

Ысар —Тажик ССРинин батышындагы тоо аралык ойдуң, Гиссар (Ысар) кырка тоосунун түш. чети м-н Баба-Тоо ж-а Кара-Тоо тоолорунун ортосунда. Уз. 115 км ге жакын (Сурхан-Дарыя өрөөнүнүн жог. бөлүгү м-н кошо); туурасы орто бөлүгүндө 20 км ге чейин. Деңиз деңг. 700—1000 м бийикте. Г. ө. аркылуу Кафирниган д. ж-а анын куймалары, Чоң Гиссар каналы өтөт. Климаты континенттик; июлдун орт. темп-расы 29°С, январдыкы —0,7°С. Жылдык жаан-чачыны 520 мм ге чейин. Г. ө-нүн түзөң жерлерине пахта, кунжут, буудай, бак-дарак өстүрүлөт. Тоо беттеринде 1200—2000 м бийикке чейин субтропиктик талаа, бадал ж-а жазы жалбырактуу токой, андан жогору субальп, альп шалбаалары өсөт. Өрөөндө Тажик ССРинин борбору — Дүйшөмбү ш. жайгашкан.

от 2020