Г и с с а р-Д арваз көмүр бассейни — О. Азиядагы көмүрдүн ири кендери жайгашкан аймак. Ал Таж-н, ,Өзб-н ж-а Кырг-ндын аймактарында, Тажик ойдуңунун батыш четинен тартып, анын чет жакаларын бойлой, Заравшан, Гиссар (Ысар) тоолору ж-а Алай өрөөнүндө, уз. 500 км, туурасы 50—200 км келген аянтты ээлейт. Көмүр кендери юра мезгилинде пайда болгон чөкмө кат-марларда. Катмарлардын асты кум-дук-аргилиттүү, ортосу аки таш тектүү, үстү туз-гипстүү тоо тектерден түзүлгөн. Мында 40ка жакын көмүр кабаты бар, алардын калыңд. 0,09— 22,5 м. Көмүр областтын түн.-чыгы-шында күрөң келип (Норуз-Көл), түш.-батышында антрацитае өтөт (Кугитанг). Область Заравшан, Гиссар (Өзб-н), Д арваз (Таж-н) ж-а Алар (Кырг-н) көмүрлүү р-ндоруна бөлүнүп, алардын аймагында Фан-Ягноб, Кыштут-Зауран, Зидды, Маги-ан, Кугитанг, Байсун, Шаргун, Миа-наду, Норуз-Көл сыяктуу жерг. маанидеги 15ке жакын кен жайгашкан. Азыр областтагы кендерден Тажик ССРинин аймагында жайгашкандары-нын айрымдары гана (Кыштут-Зауран ж. б.) казып алынып, жерг. керектөөгө пайдаланылууда. Калган-дарында геол. изилдөө ж-а чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Ад.:   Алесин Г. И., Никитина И. Л., Гиссаро-Алайская область уг-ленакопления, в кн.: Геология месторождений угля и горючих сланцев СССР, т. 6, М., 1968; Копылов Б. В., Районирование угленосности Киргизской ССР и сопредельных районов, Труды Управления геологии Киргизской ССР, сб. 3, Фр., 1974.

от 2020