ГИРОТАХОМЕТР

от2020

Ноя 28, 2020

(гиро… ж-а тахометр) — объектинин бурчтук ылдамдыгын аныктоо үчүн колдонулуучу гироскоптуу түзүлүш. Эки баскычтуу астатикалык гироскопту пайдаланууга негизделген Г. кеңири таралган. Г. м-н бурчтук ылдамдыктын секундасына градустун ондон бир үлүшүнө чейинки өзгөргөндүгүн өлчөөгө болот. Г. негизинен учуучу аппараттарда бурулууну көрсөткүч ж-а автомат системасынын сезгич элементи катары ж-а кемелерде термелүүнү басаң-даткычтарда колдонулат. Мындан тышкары г и р о т а х о-а к с е л е р о-м е т р деп аталган прибор да пайдаланылат. Бул прибор м-н бир эле убакта объектинин бурчтук ылдамдыгы ж-а бурчтук ылдамдануусу аныкталат.

от 2020