(гр. hypsos — бийиктик ж-а термометр), гипсометр, термобарометр — кайнап турган суюктуктун темп-расы аркылуу атм-ра басымын өлчөй турган прибор. Г. суу кай-натууга ылайыкталган металл идиштен ж-а сымап термометринен турат (к. сүрөт). Суюктук, андагы пайда болгон буунун серпилгич-тиги сырткы басымдын чоңдугуна туура келгенде кайнайт. Кайнаган суюктук буусунун темп-расы өлчөнүп, атайын таблицанын жардамы м-н атм-ралык басым аныкталат.