ГИПОКСИЯ

 (гипо… ж-а лат. oxyge-nium — кычкылтек), кычкылтектин жетишсиздиги — тканда кычкылтек өлчөмүнүн төмөндөшү. Г-ны изилдөөдө ата мекендик илимпоздор И. М. Сеченов, А. М. Чарный, Кырг-нда М. М. Миррахимов, В. А. Исабаева, М. А. Алиев, Б. Т. Турус-бековдордун эмгектери зор. Көбүнчө борб. нерв система, жүрөк булчуңдары, бөйрөк м-н боор ткандары кычкылтектин жетишсиздигине сезгич келет. Киевде болгон конф-янын (1949) классификациясы б-ча Г-лык абалдын гипоксиялык, гемикалык, циркулятордук, таандык формалары бар. Г. пайда болушуна карата катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп бөлүнөт. Катуу кармаган түрүндө борб. нерв системанын жог. бөлүктөрүнүн функциясы, ал эми өнөкөт Г-да жүрөк-кан тамыр, дем алуу ж-а кан системалары жабыркайт. Г-нын негизги белгилери: адам талыкшыйт, баш ооруйт, ал кетет; булчуңдар чымырап ооруйт; баш айланып, көңүл караңгылаш:; кулак тунуп, уйку качат; демигет; тери көгөрөт; жүрөк ылдам кагат ж. б. Алдын алуу үчүн Г-нын негизги себептерин жок кылуу керек. Таза кычкылтек ж-а 3—7% көмүр кычкыл газы бар кычкылтектин аралашмасы м-н дем алуу абдан пайдалуу. Вита-миндерди (Вь В2, Вб, Bi2, PP, С) глюкоза м-н алса, жакшы таасир берет. Г. бийик тоо шартына байланыштуу пайда болсо, организмди алдын ала машыгуудан өткөрүү талапка ылайык. М. М. Миррахимовдун байкоосу-на караганда, бийик тоонун шартында иштеш үчүн 21 күндүк машыгуу жетиштүү.

Ад.:   Бар башов а 3. И., Акклиматизация к гипоксии и её физиологические механизмы, М.—Л., 1960; Турусбеков Б.- Т., Проблема адаптации к горам, Фр., 1971.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *