— жүрөк-кан тамыр системасынын оорусу; анын негизги белгиси — артериялык кан басымынын көтөрүлүшү. Г. о-н сов. илимпоздор Г. Ф. Ланг (1922), А. Л. Мясников (1954) ачкан. Акыркы жылдары бул оорунун көбөйгөнү байка-лууда. Г. о-нун башка себептери: тескери эмоциялардын таасири, адамдын психо-эмоциялык сферасынын аша чыңалышы ж. б. Алсак, акыл эмгегинин адамдары жумушчуларга караганда, шаардыктар кыштактагылар-га караганда көбүрөөк ооруйт. Г. о. м-н 40 жашка чейин эркектер көп жабыркайт, 40 жаштан кийин ал оору аял-эркекте бирдей эле болот. Кырг-ндын илимпоздору (М. М. Мир-рахимов, М. А. Алиев ж. б.) бийик тоолордо (Тянь-Шань, Памир, Алай) жашаган элдерде Г. о. азыраак кездешерин байкашкан. Г. о-нда тескери эмоциянын таасири м-н борб. нерв системасы ченем-ден аша чыңалып, солгун иштей баштайт. Мээ кыртышында дүүлүгүү ж-а тормоздоо процесстеринин өз ара катнашы бузулат, кан тамырды кый-мылдатуучу борборун башкаруу начарлайт. Кийинчерээк бул процесске бөйрөк катышып, ренин затын бөлүп чыгара баштайт. Ренин а2-глобулин м-н кошулуп ангиотензинди пайда кылат. Ал кан тамырды кысып, кан жүрүүгө бөгөт болуп, Г. о-на алып келет. Артериялык кан басымынын нормадагы деңгээли: систоликалыгы 140, диастоликалыгы 90 мм’сым. мам. на барабар. Г. о. ВОЗдун . классификациясы б-ча биринчи башталышы, экинчи туруктуу гипертония, үчүнчү гипертониянын кабылдашы деп үч баскычка бөлүнөт. Г. о-нун белгилери негизинен үч системага—жүрөк-кан тамыр, борб. нерв система ж-а бөйрөккө байланыштуу болот. Башкы белгилери: баш (каракуш, чыкый) ооруйт; кулак чуулдап, уктап турганда салмактанат; көз ымыр-чымыр болуп начар көрөт, жүрөктүн сол карынчасы кеңейет (гипертрофия); артериялык кан басымы жогорулайт. Г. о-нун алдын алуунун чоң мааниси бар. Ал үчүн коомдук жерлерде, үй-бүлөдө, иштеген мекемелер- де ар кандай тескери эмоцияларды азайтып, кызматчыларга маалы м-н отпуска берип, туура эс алдыруу талапка ылайык. Г. о-н дарылоодо дие-таны туура сактоо, психотерапия, резерпин, раунатин, изобарин, пентамин, дибазол, гипотиазид, күкүрт кычкыл магний сыяктуу дары-дармек колдонуу сунуш кылынат. Гипертония м-н ооругандар Кисловодск, Сочи, Цхал-тубо, Ысь^к-Көл кылаасындагыдай са-наторий-курортторго барса болот.

Ад.; Ланг Г. Ф., Гипертоническая болезнь, [Л.], 1950; Мясников А. Л., Гипертоническая болезнь и атеросклероз, (библ.), М., 1965; Алиев М. А., Гипертония и горный климат, Фр., 1966; Мир-рахимов М. М., Болезни сердца и горы, Фр., 1971.

от 2020