ГИПЕРЕМИЯ

от2020

Ноя 28, 2020

(гипер… ж-а гр. haima — кан), толук кандуулук — орган м-н тканга кан толуунун көбөйүшү. Г. артериялык ж-а веналык болуп бөлүнөт. Артериялык Г. кан тамырлардын физиол. дүүлүгүүгө сезгичтигинин жогорулашьтнан, күчтүү дүүлүктүргүчтөрдүн (бактерия-лык токсиндер, жог. темп-pa ж. б.) ж-а түрдүү психогендүү факторлордун (уялуу, ачуулануу) адамга тийтизген таасиринен болот. Артөриялык Г. убагында патологиялык процесстери бар кан тамыр жарылып кетиши мүмкүн. Дарылоо максатында артөриялык Г-ны банка, горчичник коюу м-н пайда кылууга болот. Артерия системасы б-ча кан агышы нормалдуу болуп, кандын венадан жүрөккө кайра агышы начарласа, веналык Г., орган же денедеги шишик венаны басканда же жарадар болгон жерди катуу тайганда, жергилик веналык Г. пайда болот. Жүрөк начарлаганда (жүрөк кемтигинде) бүткүл денеде веналык Г. пайда болот.

от 2020