с е д и м е н-тоген кендери, экзоген кендери— пайда болуусу жер бетинде эзелки ж-а азыркы учурда жүргөн геохим. процесстерге байланыштуу кендердин орун алган жерлери. Г. к. жер бетинде ж-а анын кыртышынын чамалуу гана тереңдигинде, о. эле көл, деңиз, океан түбүндө, саздарда мех., биогеохим. процесстердин натыйжасында пайда болот. Бул, про-цесстер адегенде тереңдикте жүрүп, кийин жер бетине чыгып калган тоо тектер м-н пайдалуу кендердин минералдык заттарына таасирин тийгизип, аларды өзгөртүп, ажыроого учуратат. Г. к. калдык, инфильтрация, чачынды (россыпь) ж-а чөкмө болуп бөлүнөт. Калдык Г. к. үбөлөнүү зонасында эриген минералдык кошундулар суу м-н агып, эрибеген же начар эриген калдыктар ошол орунда калып калышынан пайда болот. Инфильтрация Г. к. жер астындагы суулардын составындагы баалуу заттардын (уран, жез, күкүрт) чөгүүсүнөн, ч а-чынды Г. к. тоо этектеринин, дарыя ж-а деңиз жээктеринин борпоң чөкмө тоо тектеринде оор ж-а баалуу металлдар м-н минералдардын (ал» тыр, платина, вольфрамит, касситерит, циркон, ильменит, алмаз ж. б.) топтолуусунан пайда болот. Ч ө к М е Г. к. деңиз ж-а континенттик суулардын түптөрүндө чөкмөлөрдүн (көмүр, күйүүчү сланецтер, нефть, күйүүчү газ, туз, фосфориттер, темир, марганец, алюминий, уран, жез, ванадий рудалары; кум-шагыл, чопо, аки таш Ж. б.) жыйналуусунан пайда болот. Өнөр жайлык маанидеги пайдалуу кен байлыктардын ирилери Г. к. м-н байланыштуу.

от 2020