ГИНКГО

от2020

Ноя 28, 2020

жылаңач уруктуу өсүмдүктөр тибиндеги гинкголор тукумунун уруусу. Бийикт. 30—40 м чамалуу дарак. Жалбырагы желпигичтей. Өсүмдүктөрдүн эң байыркы түрлөрүнүн бири. Перм—карбон доорунда жер жүзүндө (түн. жарым шар да) •кеңири тараган, бирок геол. өзгөрүүлөрдүн натыйжасында ареалы азайып кеткен. Европада, СССРдин Кара деңиз жээгинде, Кавказда, Украинада, о. эле Кырг-ндын Ботан. багында кооздук үчүн өстүрүлөт.

от 2020