ГИМАЛАИ

 (санскритчө хималайя — кар турагы) — Жер шарындагы эц бийик тоо системасы. Тибет тайпак тоосу м-н Инд-Ганг ойдуңунун ортосунда; Кытай, Индия, Непал, Пакистандын терр-ясында. Уз.. 2400 км чамалуу, туурасы 180—330 км, аянты 650 миң км2. Орт. бийикт. 6000 м; 8000 м ден бийик турган 11 чокусу (эң бийиги Чомолунгма, 8848 м) бар. Г. негизинен алъп буктөлуусундө пайда болгон. Көбүнчө гнейс, крис-таллдык сланец, түрдүү чөкмө тоо тектерден турат. Тоо Инд-Ганг түздү-гүнөн үч зор баскычка көтөрүлөт. Биринчи баскычы—тоо этектеген тилкедеги Сивалик кырка тоосу (орт. бийикт. 900—1200 м); экинчи баскычы — Кичи Г. (орт. бийикт. 3500— 4500 м, айрым чокулары 6000 м чамалуу) ; үчүнчү баскычы — Чоң (же Башкы) Г. кырка тоосу (туурасы 50— 90 км, орт. бийикт. 6000 м ден өйдө). Г. Индостандын экватордук муссон климаты м-н Борб. Азиянын конти-ненттик клима тынын чек арасында жатат, ошон үчүн анын түн. ж-а түш. Гималайдагы эң ири мөңгүлөрдүн бири — Зему, капталдарыньга климаты бирп биринен кескин айырмаланат. Батыш тарабынын климаты кескин өзгөрүп турат, катуу шамалдуу. Кышы ызгаардуу (январдын орт. темп-расы —10, —18°С), 2500 м бийиктен өйдө борошо көп болот. Жайы жылуу (иголдун орт. темп-расы 18°Сге жакын), кургакчыл. Жылдык жаан-ча-чыны 1000 мм. Ал эми чыгыш тарабынын климаты ысык ж-а нымдуу. Жайында 1500 м бийиктеги капталда-рында темп-pa 35°С, өрэөндөрүндө 45°Сге чейин жетет; жамгыр үзүлбөй жаап турат. Түш. капталдарында-гы 3000—4000 м бийиктеги жылдык жаан-чачыны 2500 мм ден (батышында) 550G мм ге чейин (чыгышында), ички райондорунда 1000 мм. чамалуу. Кышында 1800 м бийикте январдын орт. темп-расы 4°С. Г-дын түн. капталында бийик тоолуу-чөлдүү климат өкүм сүрөт. Мында темп-ранын суткалык өзгөрүүсү 45°Сге чейин, жылдык жаан-чачыны 100 мм. Дарыялары кар, мөңгү, жамгырдан куралат. Өрөендөрү тар ж-а бийик. Тектоника ж-а мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр (Булар, Цоморари ж. б.) көп. Г-дагы мөңгүнүн жалпы аянты 53 миң км2. Узун мөнгүлерү Чомо-.тунгма (19 км) м-н Канченжангад С26 ж-а 16 км) массивдеринде жатат. Булардан башка Милам (20 км), Ган-готри (32 км), Дурунг-Друнг (24 км), Бармаль (15 км) деген мөңгүлөр бар. Г-дын ландшафты өтө ар кыл. Чыгыш бөлүгүндөгү тоо этекте мимоза, пальма, бамбук, банан, манго аралаш бадал өсөт, андан өйдөкү (1000— 1200 м) дарыялуу өрөөндөр м-н шамал жаккы тоо беттеринде дайыма жашыл нымдуу тропик токою бар, батышында 1200 м ден. чыгышында 1500 м ден жогору дайыма жашыл жазы жалбырактуу токой, 2200 м ден жогору жалбырак күбүмө токой өсөт. 2700—3600 м бийикте ийне жалбырактуу токой бар. Субальп алкагында арча кезигет. Альп шалбаасынын жогорку чеги 5000 м, бирок кээ бир «сүмдүктөр (аренария, эдельвейс) 5<Х)0 м ден жогору да жолугат. Батыш Г-дын ландптафттары ксерофит-түүрөөк. 1200—1500 м ден жогору жер ортолук деңиздин субтропик токою бар. Айбанаттарга: пил, керик, ‘уйвол, каман, антилопа, жолборс, кабылан, маймыл ж. б. Г-дын түн. капталына тоолуу чөл ландшафты мүнөздүү. Мында гималай аюусу, тоо ■эчки, топоз, аркар бар. 2500 м ге че-Жгаки жерлери иштетилет; чай, цитрус, өсүмдүктөрү, шалы (сугат жер—?шгнде) өстүрулөт.

Ад.:   Зарубежная Азия, М., 1956; Д и-венфтрт Г., Третий полюс, пер. с нем., JC- 1970.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *