ГИЛАШВИЛИ Павел Георгиевич

(2. 5. 1918-ж. т., Тбилиси) — сов. мамлекеттик ж-а парт, ишмер. 1939-жылдан КПСС мүчөсү. 1956-ж. КПСС БКнын жог. парт, мектебин бүткөн. 1934— 37-ж. Тбилисидеги Сталин атн. вагон оңдоо з-дунда слесарь. 1937-жылдан комсомолдук иште. 1939-жылдан Кызыл Армияда. Улуу Ата Мек. согушка (1941—1945) катышкан. Демобилизациялан кийин Каспи цемент з-дунда партбюрого секретарь. 1950-ж. Грузия КПнин Ленин райкомуна экинчи, 1952-ж. биринчи секретарь. Ошол эле жылы Тбилиси шааркомуна секретарь. 1953-ж. Цхинвал шааркомуна биринчи секретарь. 1954-ж. Грузия КП БКнын админ. бөлүм башчысы. 1957-ж. Рустави шааркомуна биринчи секретарь. 1958—67-ж. КПСС БКда инструктор. 1967-ж. май айынан Абхаз АССР Мин. Советинин пред-ли. 1972-ж. октябрдан Тбилиси шааркомуна биринчи секретарь. 1976-жылдан ГССР Жог. Советинин Президиумунун пред-ли. Г. КПССтин 24— 25-сьезддеринин делегаты, 25-съездде Борб. текшерүү комиссиясынын составына шайланган. Грузия КП БК бюросуна мүчө. СССР Жог. Советинин (8—9-шайл.) депутаты. Октябрь Революциясы, Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *