ГИКСОСТОР

 —б. з. ч. 1700-жылдар ченде Алдыңкы Азиядан барып Египетте басып алган азиялык уруулар тобу. «Г.» деп египеттиктер адегенде чет жерлик падышаларды, кийин ошол топтогу уруулардын баарын атан калышкан. Г-дун чыныгы аталышы белгисиз. Алар Төмөнкү Еги-петке жайланышып, Аварис деген борборун салышкан. Египетте жылкы өстүрүшүп, кош дөңгөлөктүү арабаны пайдаланышкан, египет жазуусун жөнөкөйлөштүрүшкөн. 16-к-дын башында египеттиктердин Г. эзүүсүнө каршы кыймылы башталып, фараон Яхмос I Аваристи басып алган. Г-дун аман калгандары Палестинадан көчүп кетишкен. Алардын мындан кийинки тагдыры дайынсыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *