ГИЕРОН

от2020

Ноя 28, 2020

 — Сицилиядагы Сиракуз гп-нын бийлөөчүлөрү. Улуу Г. I (т. ж. белгисиз — б. з. ч. 467) — Гела ш-нын башкаруучусу (484—478), Сиракуз державасынын (478—467) туңгуч ирет архонт деген титул алган тираны. 474-ж. Кум ш-нын жанында этрустар-дын флотун талкалап, Түш. Италиянын ш-ларын караткан. Анын тушунда Сиракуз державасы күчөгөн. Кичүү Г. II (б. з. ч. 306-ж. ченде т.— 215)—Сиракуздун тираны. 268—215-ж. ченде падыша деген титул алган. 265-ж. мамертиндиктер м-н күрөштө ийгиликке жетишкен. Биринчи Пуни согушу (264—241) башталганда кар-фагендиктерди колдосо да, 263-ж. Рим м-н тынчтык договорун түзгөн. Экинчи Пуни согушунда (218—201) Рим тарабында болгон. Г-дордун экөө тең дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, аскер техникасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөткөн.

от 2020