ГИДРОЦЕФАЛИЯ

от2020

Ноя 28, 2020

(гидро… гр. керhale — баш), мээге (башка) суу толуу —баш сөөктүн көңдөйүндө жүлүн суусунун көбөйүшү. Г. демейде жүлүн суусунун продуктулары мээле ашык иштелгенде же сезгенүү, шишик ж. б. себептерден улам мээ ка-рынчаларынан жүлүн суусу агып чыкчу тешик бүтөлүп калса пайда болот. Котон жарадан ж-а токсоплаз-моздон тубаса Г., ал эми менингит, менингоэнңефалит ооруларынан, баш жарадар болгондон ж-а уулануудан жаңы Г. пайда болот. Г-нын белгилери: баш сөөктүн көлөмү чоңоет, көз чалыраят, көз алмасы тез-тез кыймылдайт (нистагм), кээде көрүү ж-а угуу начарлайт, кустурат, баш оорутат ж. б. Дарылоо пайда кылган ооруларга жараша жүргүзүлөт, кээде хирургиялык жол колдонулат.

от 2020