ГИДРОТЕРМ КЕНДЕРИ

(гидро-…, ж-а гр. therm е— жылуулук, ысык) — жер астындагы минералдашкан ысык суу эриндилеринин чөкмөлөрунөн пайда болгон кенлердин чоң тобу. Жер астындагы ысык магма сууп, тоо тек-терге айлануу мезгилинде аларпан гидротерм эриндилери адегенде буу түрүндө бөлүнүп чьггат. Буу жер бетин карай көтөрүлгөндө акырындык м-н сууп. суюк эриндиге айланат. Гидротерм эриндилери жег астындагы тоо тектер м-н минералдардын составындагы суу молекулаларынын бошонушунан ж-а тектоникалык жаракалар аркылуу жер бетинен сарыгып агып түшкөн суулардын тереңдикте ысуусунан да пайда болот. Эриндилердегн кен пайда кылуучу минералдык заттар магмадан ж-а ысык суу өткөн тоо тектерден бөлүнүп чыгат. Г. к. ар кандай (жер бетинен 10 км ге чейин) тереңдикте, 700—600°Сден улам төмөндөп, 50— 25°С ге чейинки темп-рада жаралат. Бирок практикалык маанилүү Г. к-нин пайда болуусу жүздөгөн м ден 5 км ге чейинки, 400—100°С аралыгында жүрөт. Гидротерм эриндилери тектоникалык жаракалар, майда жа-рыктар, көңдөйчөлөр м-н жогору көтөрүлгөндө руда түзүүчү минералдык заттар бош жерлерге чөгүп, рудалуу аймактарды пайда кылат. Алар бош жылчыктарды толтуруп калса, руда тарамдары пайда болот; эринди жа-рыкчалуу тоо тектерден өтсө, алардын составындагы компоненттер м-н хим. реакциялар жүрүп, тоо тектер-ди өзгөртүп, минералдар тоо тектердин арасына чөгүп, метасоматикалык руда кабатта ры түзүлөт. Пайда болгон руда тулкуларынын (тело) формасы ар түрдүү, көбүнчө тарамдар, штокверк, кабат сыяктуу же форма-сыз болот. Алардын узундугу бир нече км, эни ондогон, жүздөгөн м ге, калыңдыгы бир нече см ден ондогон м ге чейин жетет. Г. к. составындагы минералдарга бай болушу м-н айырмаланат. Руданын составы б-ча Г. к. негизинен сульфиддүү, кычкылдуу, карбонаттуу, сттликаттуу болуп бир нечеге бөлүнөт. Жердеги көптөгөн кен байлыктарды казып алууда Г. к-нин мааниси өтө зор. Анткени түстүү, асыл, радиоактивдүү ж-а сейрек металлдар кээ бир асыл ж-а кооз таштар (турмалин, топаз, берилл) ж-а асбест, магнезит, Флюорит, барит, тоо хрусталь!, графит ж. б. негизинен Г. к-нен алынат. Кырг-нда Г. к-нин бардык түрлөрү кездешет. Мис. Ак-Түз ж-а Ак-Шъгй-рак руда талааларында™ ар кандай кендер. Г. к-н изилдеп, жиктөөдө (классификаниялоодо) чет өлкөлөр-дөн амер. геологдор В. Лиядгпен, А. Бэтман, швейпар теологу П. Ниг-гли, нем. геологу П. Шнейдерхен ж-а сов. окумуштуулардан М. А. Усов, С С. Смирнов, Ю. Л. Билибин, В. И. Смирнов ж. б-дын эмгектери зор.

Ад.:   Основные проблемы в учении о мягматогенных полных месторождениях, Г<-(5. ст.]. 2 ивл.. М.. 1955: С м и р н о в В. И., Геология полезных ископаемых, М., 1969.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *