ГИДРОНЕФРОЗ

(гидро… ж-а гр. neph-ros — бөйрөк) — бөйрөк оорусу; мында кеңейүүдөн улам бөйрөк таандары атрофияга ж-а аз кандуулукка дуушар болот. Г-го бөйрөк чөйчөкчөсү-нөн заара чыгышынын бузулушу себепкер. Бул ооруга көбүнчө балдар ж-а 20—40 жаштагы аялдар чалдыгат. Г-дун бир нече түрү бар. Тубаса Г-ду заара системасынын кемтиги, механикалык Г-ду заара түтүк-чөсү м-н бөйрөк чөйчөкчөсүнүн таш, шишик ж. б. м-н тосулуп калышы, динамикалык Г-ду заара түтүк-чөсү м-н бөйрөк чөйчөкчөсүнүн бул-чуң-нерв аппаратынын бузулушу, майыптык Г-ун заара түтүкчөсү-нүн жарадар болушу пайда кылат. Заара чыгышы бузулганда бөйрөк чөйчөкчөсү кеңейет да, бөйрөктүн ичиндеги басым жогорулайт. Натыйжада кан тамырлар ичкерип, бөйрөктөгү кан айланыш бузулат; анан акырындап бөйрөктүн паренхимасы атрофияга учурайт. Өз убагында да-рыласа, орган кайра калыбына келет. Г. башталганда оорунун белгилери билинбейт, кээде гана бөйрөктүн тушу же айланасы сайгылашып оорушу мүмкүн. Оорулуунун заарасына аралашып кан (гематурия), кээде инфекция, ириң (пиурия) чыгат. Дарылоо хирургиялык жол м-н жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *