ГИДРОМОНИТОР

от2020

Ноя 28, 2020

(гидро… ж-а англ. monitor — суу аткыргыч) — тоо тек, топурак, шлак ж. б. нерселерди же-мирүү, уратуу, агызуу үчүн кубаттуу суу агымын жаратуучу ж-а башкаруучу аппарат. Г-дун негизги милдети— насос аркылуу берилген сууну сыртка чоң ылдамдык м-н аттырып, тоо тектин же топурактын казылып жаткан бөлүгүнө 0,5 атм басым берип туруу. Атылып чыккан суу тоо тенти же топуракты уратып, суу м-н аралаштырып, анан түтүк же ноо аркылуу агызып кетет. Колдонулушуна жараша Г. жер астындагы же жер үстүндөгү жумуштарда пайдаланылуучу, ал эми технол. белгиси б-ча бургулоочу же суу м-н агызуучу болуп бөлүнөт. Азыр аралыктан башкарыла турган өзү жүрүүчү Г-ду түзүү б-ча изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

от 2020