ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТ БАШКАРМАСЫ Кыргыз ССРинин — СССР Мин. Советинин Гидрометеорол. кызмат башкармасына караштуу союздук мекеме. СССР ЭКСтин токтомунун негизинде 1926-ж. 26-августта метеорол. бюро болуп Фрунзе ш-нда уюшулган. Г. к. б. — ил.-тех. мекеме; ЮОгө жакын (1975) тармактык бөлүмдү кучагына алып, алардын ичинде 147 пост, 88 гидрометеорол. станция, обсерватория, аба ырайы бюросу, текшерүү бюросу ж. б. бөлүмдөрү бар. Мекеменин негизги милдети — эл чарба тармактарын узак мөөнөттүк, мезгилдик, суткалык аба ырайынын прогнозу, агрометеорол. ж-а гидрологиялык шарттары, климат, дарыя, көл, суу сактагыч, мөңгүлөрдүн режими, эсептик маалыматтар ж-а аба, суу, кыр-тыштарынын булгануу деңгээли ж-дөгү маалыматтар м-н камсыз кылуу. Негизги милдетине ылайык Г. к. б. маанилүү багыттар б-ча ил. изилдөөлөрдү уюштурат: аба ырайын, дарыя суусунун деңгээлин алдын ала билүүнү жакшыртуу, суу ж-а климаттык ресурстарды рационалдуу пайдалануу ж-а айлана-чөйрөнү булгануу-дан сактоо проблемаларын карайт. Башкарма Кырг-ндагы суу ресурстарынын ж-а суу агымдарын эсептөө методдорунун кадастрын, мөңгүлөрдүн каталогун, климаттык агрометеорол. справочнигин жарыкка чыгарган (1975). МЭР, ГДР, Афг-н ж. б. өлкөлөрдүн гидрометеорол. кызматы м-н байланышы бар.

от 2020