ГИДРОЛОГИЯ

от2020

Ноя 28, 2020

(гидро… ж-а …ло-шл) табигый сууну, андагы болуучу кубулуштарды ж-а процесстерди ■напдей турган илим. Г. изилдөө объектилерине карата океанология (океан ж-а деңиз Г-сы), кургактык Г-сы дарыя, көл, саз Г-сы) ж-а гидрогео-жхаяга (жер астындагы суулардын Г-ся) бөлүнөт. Кургактык Г-сы ж ичлнен потамологияга (дарыя ж-дегү илим), лимнологияга (көл таануу), саз таанууга ж-а гляцияло-гияга бөлүнөт. Ар бир суу объекти-синде суу режими ж-а балансы, суу массасынын динамикасы (агым, толкундоо, инфильтрация ж. б.), анын түбү (жээктеринин ж-а нуктарынын пайда болушу, шилендилердин жылышы), жылуулук процесстери ж-а суунун агрегаттык абалы (муз кубулуштары, кардын эрүүсү, буулануу), хим. ж-а биол. процесстер изилденет. Изилдөө процесстерине жараша Г. суунун динамикасы, гидрофизика, гидрохимия ж-а гидробиология болуп бөлүнөт. Г. геогр. илимдердин циклине кирип, геофиз., геол. ж-а биол. илимдер м-н тыгыз байланыштуу. Г-нын негизги милдети — жаратылышта суунун айланышы, ага адамдын тийгизген таасири, ар бир аймактагы ж-а жалпы эле жер бетиндеги элементтерге (суунун деңгээли, чыгымы, темн-расы ж. б.) мейкиндик-убакытта талдоо жүргүзүү, ал элементтердин кубулуштарынын закон ченемин табуу ж-а алдын ала билүү (к. Гидрологиялык прогноз). Негизги методдору — Г-лык режимге туруктуу байкоолор жүргүзүү, суу объектиле-рин экспедициялык изилдөө, талаа ж-а лабор-ялык эксперименттер. Г-да геогр. жыйынтыктоо методу ж-а ма-тем. статистика кеңири колдонулат. Г. адегенде физ. география, геол. ж-а гидротехниканын бир бөлүмү катары өнүгүп, 20-к-дын башталышында гана өз алдынча илим болуп бөлүнгөн. Ил. аныктаманы алгачкы ирет (1915) В. Г. Глушков берген.

Ад.:   О г и е в с к в й А. В., Гидрология суши, М., 1952; Калинин Г, П., Проблемы глобальной гидрологии, Л., 1968; Давыдов Л. К., Д м и т р и е в а А. А., Конкина А. Г., Общая гидрология, Л., 1973.

от 2020