ГИДРОЛИЗ

от2020

Ноя 28, 2020

 (гидро… ж-а гр. lysis — ажыроо, бөлүнүү) — суу м-н түрдүү заттардын ортосундагы ион алмашуу реакциясы. Суунун ж-а анда эриген заттардын Г-и электролиттик диссо-циапиянын негизинде жүрөт (H20=s=* Н++ОН-). Жалпы Г-ди төмөнкүчө көрсөтүүгө болот: AB-l-HOH^AH-r-+ВОН (АВ—гидролизделүүчү зат, АН ж-а BOH—Г-ден найда болгон продуктулар). Г. продессинде суунун иондору анда эриген заттардын ион-дору м-н кошулуп, аз диссоциация-лануу, учуп кетчү жө начар эрүүчү заттарды пайда кылат. Эгерде начар к-та м-н күчтүү негиздин тузу Г-ден-се, эритмеде негиздик реакция K++CN-+HOH =*±= HCN+K++OH~, ал эми күчтүү к-та м-н начар негиздин туздарынын эритмелеринде кис-лоталык реакция жүрөт. Кислота м-н негиз бирдей санда диссоциациялан-са, анда эритмедеги реакция нейтралдуу болот. Күчтүү кислота м-н күчтүү негиздин тузу иш жүзүндө Г-ден-бейт. Темп-раны жогорулатуу ж-а эритмелердин концентрациясын азайтуу Г-дин даражасын жогорулатат. Г. физиол. чоң мааниге ээ. Организмдеги полисахарид, белок ж. б. зат-тарда дайыма Г. жүрүп турат. Жер кыртышынын бир катар геол. өзгө-рүштөрү ж-а минералдардын пайда болушу, хим. ө. ж-да глюкоза, этил спирти, фурфурол, самын, глицерин ж. б-ды алуу Г. процессине негизделген.

от 2020