ГИДРАРГИЛЛИТ

 (гидро… ж-а гр. argillos — ак чопо), г и б б с и т — суулуу кычкылдардын классына кирүүчү минерал. Хим. составы А1[ОН]3. Составында А1203 65,4%. Моноклин системасында кристаллданат. Өңү ак, бозомук, жашыл. Айнектей жалтырак. Катуулугу Шоос шкаласы б-ча 2,5—3,5. Салышт. салм. 2,4. Алюм. кычкылына (А1203) бай тоо тектердин жаратылыш шартында бузулуп, үбө-лөнүшүнөн пайда болот. Алюминий алууда мааниси чоң. Алюминийдин ж-а темирдин суулуу кычкылдары м-н бирге Г. боксит рудаларынын составына кирет. Г-түү бокситтер—алюминийдин сапаттуу рудасы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *