ГИДРАДЕНИТ

 (гр. hidros — тер ж-а aden — без) — тер бездеринин ириңдеп сезгениши. Г-ти көбүнчө стафи- лококк козгойт. Оору көп тердөө (терчил), тазалык сактабоо, жалпы организмдин начарланышы өңдүү себептерден пайда болот. Г-те адегенде тери бездери, анын айланасындагы тери кыртышынын клетчаткалары сезгенин, теринин арасында бир же бир нече бүртүк пайда болот. Аны кол м-н басканда ооруйт, үстүндөгү териси кызарат. Бара-бара бүртүк жумшара баштайт да, жарылып, ириң чыгат. Ал ириң айланасындагы таза бездерге өтүп кетиши мүмкүн. Г. бат-бат кайталанып, узакка созулат. Г-ти дарылоодо антибиотиктер, физиотерапия, вакцина, кээде хирургиялык жол колдонулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *