— жог. басымдагы суюктуктун аракетинен кыймылга келип, материалдарды басым м-н иштетүүчү машина. Г. п. биринчи жолу 18-к-дын аягында жүзүм ширесин, өсүмдүк данынан май чыгаруу ж-а чөптү ныктап таңгактоо үчүн колдонулган. Г. п. материалдардын уютмасын, куймасын сомдоо, ийүү, түрдүү форма берүү, штамптоо, түтүкчөлөр жасоо, (күкүм түрүндөгү материалдарды пресстөө, кабелди металл м-н каптоо үчүн 19-к-дын ортосунан бери кеңири пайдаланылууда. Пластмасса, резина, фанера, текстолит буюмдарын ж-а жыгач таарын-дысынан плиталар жасоодо да Г. п. колдонулат. Анын иштеши Паскаль законуна негизделген. Балка м-н иштетүүгө караганда, Г. п-те материалдарды иштетүүнүн наркы төмөн. 1960-ж. СССРде көлөмдүк штамптоо үчүн жасалган кубаттуу Г. н-тин күчү 735 Мн.

Ад.:   Мощные гидравлические прессы, под ред. Б. В. Розанова, М., 1959.

от 2020