ГИГРОМЕТР

от2020

Ноя 28, 2020

 (гигро… ж-а …метр)абанын нымдуулугун өлчөгүч прибор. Түрдүү принциптердин негизинде иштөөчү бир нече түрү бар: с а л-мактык (абс), кылдуу (чач), пленкалуу, конденсация-лык, электролиттик Г. ж. б. Метеорологияда көп колдонулуучу кылдуу Г-дин иштөө принциби мындай: адамдын майсыз чачы өз узундугун аба нымдуулугуна жараша өзгөртүп, салыштырмалуу нымдуулук-ту 30%тен 100%ке чейин аныктай алат (к. сүрөт). Кыл же чач металл рамкага тартылган. Чачтын узарышы шкалада жылып туруучу жебеге берилет. Пленкалуу Г-де нымдуулук көбөйсө керилген, азайса жыйрылган (кичирейген) орг. плен-ка-менбранасы пайдаланылат.

от 2020