ГИБРИДДЕШТИРҮҮ

 — бир же андан да арбын жуп аллель (ген) белгиси м-н касиетинин тукум куучулугу б-ча айырмаланган организмдерди аргындаштыруу ж-а кайчылаштыруу. Г-нүн төмөнкүдөй түрлөрү бар: ар кандай түрдү аргындаштыруу же кайчылаштыруу кыйыр Г., ал эми бир түр, сортторду же породаларды аргындаштыруу түр ичиндеги Г. деп аталат. Табигый гибриддешүү эзелтен эле жүрүп келген. Жаныбар гибриддери (качыр) биздин арадан 2 миң жыл мурда пайда болгон. Жасалма жол м-н гибрид алуу мүмкүндүгүн немец илимпозу Р. Камерариус 1694-ж. айткан. Англ. багбан Т. Фэр-чайлд 1717-ж. эки түрдүү чеге гүлдү кайчылаштырып, жасалма Г-нү биринчи жолу ишке ашырган. 1760-ж. тамекинин эки түрдүү гибридин немец ботаниги И. Г. Кёльрёйтер чыгарган. Табигый гибриддешүү жаратылыштын өзүндө өтөт, жасалма Г. адам кийлигишүүсү м-н ишке ашат. Мал чарбасында ар түр бири бири м-н же эки башка порода өз ара ар-гындаштырылат. Г-нүн натыйжасында мыкты аргын же жаңы порода чыгарууга болот. Мындай учурда аргын малда кунардуулук, чыйрак, тез жетилүү сыяктуу сапат жаралат. Бирок эркек аргын тукумсуз болот. Бээ м-н эшектин ортосунан качыр туулат. Андай аргын өтө чыйрак келет, тоютту аз жеп, жылкыдай тандабайт. Уй м-н топоздун букасынан аргын музоо алынат. Ал колдо багууну анча талап кылбайт. Мындай ургаачы аргын малдын сүтү эң майлуу келет. АКШда шортгорн уюн зебу (Индия) букасы м-н аргындапгтыруунун негизинде санта-гертруда деген порода чыгарылган. Ал аргын (порода) ысыкка абдан чыдамдуу, кунарлуу, тез жетилип, көп эт берет. Каз-нда ургаачы уяң жүндүү прекос коюн аркар м-н аргындаштыруудан казактын аркар-меринос кою чыгарылган. Мындан жүн арбын кыркылат, кой ысыкка да, суукка да байымдуу келет. Өсүмдүктөрдүн селекциясында бир түргө кирүүчү формаларды же сортторду Г. кеңири колдонулат. Мындай жол м-н өсүмдүктөрдүн көп сорттору алынган. Алсак, акад. П. П. Лукья-ненко буудайдын түшүмдүү безостая сыяктуу мыкты сортторун чыгарган. Бирок кыйыр Г.— аргын алуунун өтө татаал ж-а кыйын ыкмасы. Анткени аргындын биринчи ж-а андан кийинки муундарынын жуп жыныс клеткалары кайчылаштырууга ылайык келбейт. Бирок аны колдонуунун негизинде өсүмдүктөрдүн илдетке, зыянкечтерге чыдамдуу, мол түшүмдүү сортторун алууга болот.

Ад.:   Дарвин Ч., Изменение животных и растений под влиянием одомашнивания, Поли собр. соч., т. 3, кн. 1, М.—Л., 1928; С е р е б р о в к и й А. С, Гибридизация животных, М.—Л., 1935; Л о б а ш о в М. Е., Генетика, 2 изд., Л., 1967. аналог-цифралуу эсептегич машина, айкалышты-рылган эсептегич машина — ар кандай чоңдуктар (аналогдуу ж-а цифралуу) пайдаланылуучу ж-а башкаруунун бир системасына бириктирилген бир нече электрондук эсептегич машинанын айкалышты-рылган комплекси. Г. э. с-нын составына аналогдуу ж-а цифралуу эсеп- тегич (АЭМ ж-а ЦЭМ) машиналардан башка башкаруу системасы, чоңдуктарды берүүнү өзгөрткүчтөр, системанын ичиндеги байланыш түзүлүштөрү ж-а сырткы жабдуулар кирет (к. сүрөттөгү структуралык схема). Универсал гибриддүү эсептегич системанын структуралуу схемасы: туташ сызык м-н информациялык, үзгүлтүктүү сызык м-н башкаруучу каналдар белгиленген. Системанын гибриддүү деп аталган себеби — ал гибриддүү чыгаргыч эле-менттерден түзүлөт же анда аналог-дуу ж-а цифралуу элементтер пайдаланылат. Кыймылдагы объектилерди башкарууга, башкаруу системаларын опти-малдаштырууга ж-а моделдөөгө, комплекстүү көнүктүргүчтөрдү түзүүгө байланыштуу жаңы маселелер чыгарууда өзүнчө айрым турган АЭМ м-н ЦЭМдин иште» өндүрүмдүүлүгү жетишсиз болгондуктан Г. э. с-ны түзүү талап кылынган. АЭМ ж-а ЦЭМ аткара турган айрым операцияларды аткаруу Г. э. с-нын жалпы тез иштешине шарт түздү. Колдонулуп жаткан’система ана лог дуу-ориен-тацияланган, ңифралуу-ори-ентацияланган ж-а теңдеш-тирилген Г. э. с. деп айырмаланат. Бул системаларда аналогдуу ж-а цифралуу түзүлүштөрү бар автоматтык системанын иштөө убакытын мо-делдөө, кеңири өзгөрүүчү чоңдукта-ры бар процесстердин убакытын эсептөө, статикалык моделдөө, биол. системаларды моделдөө, айрым туун-дулуу теңдемелерди чыгаруу, башкаруу системаларын оптималдаштыруу маселелери чыгарылат.

Ад.:   Гульков Ф. Б., Коган Б. Я., Райскина М. Е., О возможном применении вычислительных машин для изучения механизмов развития заболевания, «Автоматика и телемеханика», 1967, Ws 8.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *