ГИБРАЛТАР

от2020

Ноя 28, 2020

 — Пиренеи ж. а-нын түштүгүндөгү аймак. Гибралтар кы-сыгынын жээгинде. Улуу Британия ээлиги, анын аскер-деңиз ж-а аскер-аба базасы. Ла-Линеа ш-нан (Испания) нейтралдык зона аркылуу бөлүнөт. Аянты 6,5 км2. Калкы 28 миң (1972). Официалдуу тили — англис тили. Конституцияга ылайык Г-ды англ. монарх дайындаган губернатор башкарат. Г. — транзиттик порт. Док, склад, нефть сактагычтар, калкты ж-а гар-низонду тейлөөчү чакан ишканалар (кофе, тамеки, балык консервалоо, май, кийим тигүү ж. б.) бар. Г. Кальпе деген ат м-н байыркы гректерге ж-а римдиктерге белгилүү болгон. 8-к-да Г-да арабдар чеп куруп, Жебель-ат-Тарик (Тарик тоосу; араб жеңип алуучусу Тарик ибн Сеиддин урматына) деп аталган. Г. 1309—33 ж-а 1462-ж. Испанияга, 1704-жылдан Англияга караган. Улуу Британия аны 1713-жылдан кийин Индияны, Африканы, Жакынкы ж-а О. Чыгышты колониялоо үчүн таяныч пункт катары пайдаланган. Г-ды кайтарып алуу үчүн Испаниянын 18-к-дагы аракеттерине жол бербей Улуу Британия 1-ж-а 2-дүйн. согуштардын убагында Г-ды өзүнүн кубаттуу согуш базасы кылган. 1969-ж. май айында Г-дын жацы конституциясы кабыл алынып, анда Улуу Британиянын Г-дагы ээлигине контролдугу бекитилген. 1969-ж. 30-июлдагы шайлоодо Г-дын коалициялык өкмөтү (Г-ды Улуу Британияга бириктирүүнү жактаган Биригүү партиясы м-н көз каранды-сыздардан) түзүлгөндөн кийин Испания өкмөтү Улуу Британияга кысым көрсөтүүгө аракеттенип, Г. м-н Испаниянын чек арасындагы жолдорду жапты да, Г-га испан жумушчулары-нын келишин токтотту; Г. м-н байланыш үзүлдү. Бирок 1970-ж. бул чектөөлөр бир аз бошоңдотулду.

от 2020