ГИАЦИНТ

от2020

Ноя 28, 2020

 (Hyacinthus) — лилиялар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Гүл сабагынын бийикт. 5— 45 см. Жалбырагы узун, топтошуп чыгат. Гүлү коңгуроо сымал, жыпар жыттуу. Анын жапайы жалгыз түрү белгилүү. Кырг-ндын тоолорунда да кездешет. Гүлзарда 15-к-дан бери эги-лет. СССРдин түш. райондорунда март — апр., Европа бөлүгүндө май айында гүлдөйт. Күнөс ж-а кумдак жерде жакшы өсөт. Г. түбүнөн же уругунан көбөйөт. Түбү түш. райондордо окт.— ноябрдын башталышында 8—10 см тереңдикте отургузулат. Гүлдөп бүткөндөн кийин, түбү казылып алынып, 20—22° темп-рада сакталат. Г. кышкысын үйдө да өстүрүлөт.

от 2020