(28. 8. 1749, Франкфурт-на-Майне — 22. 3. 1832, Веймар) —немец акыны, ойчул, илимпоз. Германия Агартуусунун ири өкүлү, жаңы немец ад-тын негизде-гендердин бири, «кийинки доорлордо-гу теориялык өнүгүштү алдын ала туюнткан» (Энгельс Ф., Маркс К. и Энгельс Ф., Соч., 2 изд., т. 21, с. 287) көп кырдуу илимпоз. Билимдүү бюр-гердин үй-бүлөсүнөн. Лейпцигде (1765-68), Страсбургда (1770-71) окуган. Страсбургда И. Г. Гердер м-н таанышып, «Бороон жана кысым» кыймылына катышкан. 1775-ж. герцог Карл Ав-густтун чакыруусу б-ча Веймар-га келген. Улуу француз рев-ясын кайдыгер тосуп алса да, 1792-жыл-кы Веймардагы согушта француз рев-ячыл армиясынын маанисин «Дүйнөлүк тарыхтагы жаңы доор дал ушул күндөн, дал ушул жерден башталат» — деп белгилеген. Г-нин алгачкы поэтикалык чыг-ла-ры (1767—69) анакреон лирикасынын салттарына жакын. 1770-жылдан Г-нин чыг-лыгында жаңы мезгил башталып, атактуу лирикалык ырлары м-н драмалары жаралат («Жолоочу», 1772; «Магомет ыры», 1774; «Бороон-догу жолоочу ыры», 1771—72; «Гёц фон Берлихинген» драмасы, 1773; «Жаш Вертердин азабы» романы, 1774). Гуманисттик идеалдарга ишенген Г. адам чыгармачыл кызматка жөндөмдүү экенин даңазалап, Улуу француз рев-ясын «Венеция эпи-граммалары» (1790), «Гражданин генерал» (1793) драмасы м-нм<Немец эмигранттарынын маеги» (1794—95) новелласында чагылдырган. 90-жыл-дардагы ири чыгармасы— «Вильгельм Мейстердин окуудагы жылдары» романы (1793—96). Г. автобиогр. «Өмүрүмдөгү поэзия жана чындык» (1— 4-бөлүк, 1811—33), «Италия саякат-тары» (1—3jt., 1816—29) романдарын, «Чыгыш жана батыш диванын» (1814—19) жаратат. Г-нин «Фауст» (1-бөлүгү, 1808; 2-бөлүгү, 1825—31) трагедиясы 18-к-дагы бүткүл европ. агартуучулук ойду жыйынтыктап, 19-к-дын проблемаларын алдын ала аныктады. Адамдын чексиз мүмкүнчүлүгүнө ишеним Фаусттун образында өтө таасирдүү ж-а таамай берилген. Бул улуу чыгарманы К. Маркс, Ф. Энгельс, В. И. Ленин ж-а орус рев-ячыл демократтары өтө жогору баалашкан. Г-нин көркөм мурасы дүйн. ад-тка зор таасир тийгизген. Россияда анын чыг-лары 18-к-дан баштап («Фауст» 23 жолу) которулган. Ондогон изилдөөлөр бар. «Фауст» б-ча музыка ж-а опералар жазылып, сүрөттөр тартылган. Кыргыз тилине Г-нин айрым ырлары ж-а «Фауст» трагедия-сынын биринчи бөлүмү которулган (1970). Г. табият таанууда жаныбарлар м-н өсүмдүктөрдүн салыштырма морфологияны, физика (оптика ж-а акустика), минералогия, геология, метеорология б-ча бир нече эмгек жазган. Анын морфология б-ча изилдөөлөрү тарыхый мааниге ээ. «Өсүмдүктөр мета-морфозасы жөнүндө тажрыйба» (1790) аттуу эмгегинде өсүмдүктөрдүн ар түрдүү органдарындагы окшош белгилер изилденген. Жаныбарлардын са- лыштырма анатомиясында Г. адам- ‘ дын жаак ортосундагы сөөктөрүн тапкан. Г-нин өсүмдүктөр м-н жаныбарлар организминдеги биримдик ж-дөгү көз карашы Ч. Дарвиндин окуусуна көмөк болгон. Кадимки «морфология» деген терминди илимге Г. киргизген.

Чыг.:  Фауст, Фр,, 1970; Избр. произв., М., 1950.

Ад.:   Маркс К., Энгельс Ф., Об искусстве, т. 1—2, М., 1967; Ш а г и н я н М., Гёте (1749—1832), М.—Л., 1950; Жирмунский В., Гёте в русской литературе, Л., 1937; Нанаев И. И., Гёте как естествоиспытатель, Л., 1970.

от 2020