(гетеро… ж-а зигота) — генотибинде тиги же бул ген-дпн ар кыл формалары (аллелдери) бар клетка же организм. Сан-сапа-тында же гендердин өз ара жайга-шуусунда айырмачылыгы бар эки га-метадан өсүп чыгат. Мындай орга-низмдерди аргындаштыруудан өөрчү-гөн тукумдардын белгилери ажы- роого дуушар болот. Ал эми мындай ажыроо көп учурда баалуу сапаттардын жоголушуна алып келет. Ошол себептен Г-ны сактоо а. ч. ишинде зор мааниге ээ. Алсак, жемиш дарактар дээрлик гетерозиготалуу. Белгилери ажырап, баалуу касиеттери жоголуп кетпес үчүн алар вегета-тивдүү жол м-н көбөйтулөт.