ГЕСТАПО

от2020

Ноя 28, 2020

 (нем. Gestapo — Geheime Staatspolizei — деген сөздүн кыскарган түрү)— фаш. Германиядагы мамл. жашырын полиция. Фашизмдин саясий каршылаштарын камоо, кыйноо, өлтүрүү ж. б. жол м-н жок кылуу максатында 1933-ж. апрелде түзүлгөн. Г-нун концлагерлери м-н түрмө-лөрүндө жүз миңдеген антифашист сотсуз, сураксыз эле өлтүрүлгөн. Германиянын өзүндө да, андан сырткары жерлерде да агенттери болгон. Нацисттик партиянын мүчөлөрүн көзөмөлдөп туруучу атайын бөлүм иштеген. Экинчи дүйн. согушта (1939—45) фаш. Германия талкаланганда Германиядагы Контролдоочу советтин № 2 закону м-н жоюлуп, закондон тышкары деп жарыяланган. Нюрн-бергдеги эл аралык согуш трибуналы (1946) аны кылмыштуу уюм деп тапкан.

от 2020