(т. ж-а ө. ж. белгисиз) — б. з. ч. 8—7-к-дагы байыркы грек акыны. Аньщ таптык коомдун пайда болуу доорундагы гректердин турмушун чагылдырган «Эмгек түйшүгү жана күндөр» ж-а «Теогония» аттуу дидактикалык поэмалары сакталып калган. Биринчи поэмасында социалдык теңсиздиктин бетин ачып, адилеттүүлүк идеясын көтөрүп, эмгекти даңазалаган. Байыркы грек философиясынан алгач кабар берген «Теогония» поэмасында биринчи жолу дүйнөнүн жаралуу тарыхы м-н кудайлардын санжырасын системага салууга жасаган аракеттери чагылдырылган.
Чыг.: Эллинские поэты в переводах В. В. Вересаева, М., 1963.
Ад.: Радциг С. И., История древнегреческой литературы, 2 изд., М., 1959.