ГЕРЦЙН БҮКТӨЛҮҮСҮ

в а р и с бүктөлүүсү — геосинклиналь областтарында™ тоо тек катмарлары-нын каледон буктөлуусунөн кийин, палеозой заманынын 2-жарымында (девондун аягы — триастын башталышы) болуп өткөн ургаал буктөлуулө-ру. Г. б-нүн натыйжасында ири тоо системалары — герциниддер пайда болуп, гранитоид интрузияларынын магматизми күчөгөн. «Г. б.» деген атты байыркы римдиктер Герциндик Токой (Hercynia Silva) деп атаган Орто Европадагы тоо системасы б-ча франц. геолог М. Бертран берген, «варис бүктөлүүсү» деген атты азыркы Саксония, Тюрингия, Бавария обл-тары-нын байыркы аты (Cur Variscorum) б-ча Э. Зюсс киргизген. Г. б. бир нече фазадан (бретон, судет, астурий, зааль ж-а пфальц) турат. Бүктөлүү-нүн эң күчөгөн фазасы таш көмүр мезгилинин орто ченинен тартып, алгачкы пермь мезгилин кошо камтыган. Жаңы Жер аралы, Таймыр, Урал, Каз-н тоолорунун айрымдары, Түш. Тянь-Шань ж-а Алай тоолорунун структуралары Г. б-нө кирет. Батыш Европада Түш. Англия, Британ мас-сиви, Борб. француз дөцсөөсү, Судет тоолору ж. б., Америкада — Аппалач ж-а Анд тоолору Г. б-нүн зонасына тиешелүү. Г. б-нүн айрым бөлүктөрү Австралиянын чыгышында, Түн. Африкада ж-а Канада архипелагында да бар. Г. б. м-н Урал, Алтай, Түн. Кавказ ж-а Каз-ндын жез, коргошун, цинк, Урал ж. б. жердин платина, хромит, титан-магнетит, асбест кендери байланыштуу. Герциндин гранитоид ин-трузияларынын натыйжасында Европа, Азия ж-а Чыгыш Австралияда коргошун, жез, калай, вольфрам, алтын, күмүш ж-а урандын көптөгөн кендери пайда болгон. Кырг-ндагы түстүү ж-а сейрек кездешүүчү ме-таллдардын ири кендери Г. б-нө дуу-шарланган тоо тектерде кезигет. Г. б-ндө пайда болгон алдыңкы ж-а тоо аралык ойдуңдарда таш көмүр, калий ж-а таш туздардын ири бассейндери топтолгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *