— Франпиянын борбордук бөлүгүнөн тартып, Висла м-н Дунайга чейин Орто Европада созулуп жаткан тоолуу табигый область. Түштүгүнөн Альп ж-а Динар тоолору, түндүгүнөн Орто Европа түздүгү м-н чектелет. Герцин буктө-луусундөгу пайда болгон тектоникалык структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөңсөөлөр (Борб. Франция массиви, Арморикан дөңсөөсү, Вогез, Шварцвальд ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) ж-а ойдуңдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деңиздин, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континентхдк. Тоолорунда жылдык жаан-чачын 1000—2000 мм, түз-дүктөрундө 500—800 мм. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштай) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга ж-а суу кубатына бай.

от 2020