ГЕРЦЕН Александр Иванович

ГЕРЦЕН Александр Иванович [жашырын аты — И с к а н д е р; 25.3 (6.4). 1812, Москва—9 (21). 1.1870,Париж] — орус революционер демократы, жазуучу, философ ж-а публицист. Помегциктин үй-бүлөсүнөн. Москва ун-тинин физ.-матем. ф-тетин бүтүргөн (1833). Г-дин рухий өсүшүнө де-кабристтердин социалдык тажрыйбасы, Франция дагы 1830-жылдагы Июль рев-ясы, Пушкин м-н Рылеевдин ырлары, Шиллердин драмалары, 18-к- дын аягындагы француз ойчулда-ры зор таасирин тийгизген. Анын атеисттик, матер, көз караңгынын калыптанышында Л. Фейербахтын ‘»‘^Щж ‘• * ‘;•* «Хрш’тнап дпнп-нин маңызы» деген эмгеги маанилүү роль ойногон. А. И. Герцен> Москва ун-тинде окуп жүргөндө, Г. м-н анын досторунун тегерегинде рев-ячыл багыттагы ийрим түзүлгөн. Рев-ячыл иштери үчүн ал камакка алынып, сүргүндө жүрөт. Г-дин көп кырдуу таланты аны өз доорундагы коомдук турмуштун бийигине көтөргөн. Г. ж-дө В. И. Ленин «…өз убагындагы улуу ойчулдар м-н бир деңгээлде болду»,—деп жазган (Чыг., кырг. 1-бас, 18-т., 12-6.). Негизги филос. эмгеги болгон «Табиятты үйрөнүү жөнүндөгү каттарында» (1844—45) карама-каршылыктардын биримдиги ж-дөгү идеяны көбүнчө методологиялык аспектте өнүктүрүп, философия м-н табият таануу илимдеринин ортосундагы антагонизмди жоюу жолдорун издеген. Г-дин оюнча жаратылыштагы турмуш — чексиз өнүгүү, жаңынын пайда болушу, төмөнкү формадан жог. формага өтүү. Г. Ге-гелдин диалектикасын жогору баалаган ж-а аны «революциянын алгеб-расы» деп атаган. Бирок ал Гегелдин диалектикасын толук түшүнгөн эмес. В. И. Лениндин айтуусу б-ча, Г. диалектикалык материализмге жакындап барып, тарыхый материализмге жетпей, токтоп калды (ошондо эле). Анын «Доктор Крупов» (1847), «Сааттуу сагызган» (1848) аттуу по-весттери крепостной түзүлүшкө каршы багытталган. «Ким айыптуу?» (1841—46) романы орустун эң алгачкы социалдык-филос. романдарынан. Роман адамды чүнчүтүп, басынта турган крепостной тартибине каршы катуу нааразылыкты билдирет. 1847-ж. Г. чет мамлекетке кетет. 1848-жылда-гы Франциядагы рев-янын жеңили-шин социализм үчүн болгон күрөштүн жеңилиши катары ката түшүнөт. Лениндин аныктамасы б-ча, бул «…со-циализмдеги буржуазиялык иллюзия-лардын кыйрашы» болду (ошондо эле). Андан кийинки жылдары Г. «орус социализминин» теориясын иштеп чыгып, народничествонун негиз салуучуларынын бири болуп калат. Россиядагы крепостной түзүлүшкө ж-а падышалык м-н күрөшүү максатында Лондондо Эркин орус типо-графиясын негиздейт (1853). 50-жыл-дын башында «Болгондор жана ойлор» деген чыг-сын жаза баштайт. Ал—Г-дин көркөм чыг-лыгынын жеткен бийиктиги. 1855-ж. «Полярная звезда» деген альманах, 1857-ж. Огарёв м-н бирге орустун биринчи рев-ялык газетасы «Колоколду» чыгарат. Бул газета Россияда демокр. ж-а рев-ялык күчтөрдү баш коштурууда чоң роль ойногон. Орустун рев-ялык кыймылында Г-дин алган ордун В. И. Ленин мындай аныктаган: «Гер-ценди урматтап эскергенде биз орус революциясына катышкан үч муунду, үч тапты ачык көрөбүз. Эң оболу — дворяндар жана помещиктлр, декаб-ристтер жана Герцен. Бул револю-ционерлердин чөйрөсү тар. Алар элден абдан алыс болушкан. Бирок алардын иши өлгөн жок. Декабрист-тер Герценди ойготушту, Герцен революциячыл агитацияны кеңири жайды» (ошондо эле, 18-6.). Г. өзүнөн кийинки адабий сын ойлордун өнүгүшүнө, жалпы эле орус рев-ялык ой-пикиринин өсүшүнө таасирин тийгизген. Анын айрым чыг-лары кыргыз тилине которулган.

Чыг.:  Собр. соч., т. 1—30, М., 1954—66; Сааттуу сагызган, Фр., 1968.

Ад.:   Ленин В. И., Герценди эскерүү, Чыг., кырг. 1-бас, 18-т.; ошонуку, Россиядагы жумушчу басма сөзүнүн өт-көндөгүсүнөн, 20-т.; ошондо, Белине-кий В. Г., Взгляд на русскую литературу 1847 г., Поли. собр. соч., т. 10, М., 1956; Плеханов Г. В., Соч., т. 23, М.— Л., 1926; Володин А. И., Герцен, М., 1970; Проблемы изучения Герцена. Сб. ст., М., 1963.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *