Дештестан — Иран ж-а Пакистан-дагы чөл. Оман булуңу ж-а Ормуз кысыгынын жээгинде. Уз. 1500 км, туурасы 80 км ге жакын. Г. кум-чопо, шагыл ж-а пролювий чөкмөлөрү м-н капталган. Климаты тропиктик, ян-вардын орт. темп-расы (Жаск гя-нда) 19,4СС, июлдуку 32,5°. Жылдык жаан-чачыны 120 мм. Деңиз жээктеринде торлуу саздар көп. Оазистерде курма пальмалары бар. Кышында калың эфемер чөбү өсөт. Г. жайыт катары пайдаланылат.

ГЕРОДОТ (490-ж. ж-а 480-жылдын аралыгында т., К. Азия, Галикар-нас — б. з. ч. 425-ж. ченде ө., Афины же Фурия) — байыркы грек тарыхчы-сы. Тиранияга каршы күрөшкө жашынан катышып, Галикарнастан кетүүгө мажбур болгон. Г. К. Азия, Вавилон, Финикия ж. б. жерлерге саякат жасаган. Кара деңиз жээгинде болуп, скифтер ж-дө маалымат жыйнаган. Г-тун саясий көз карашынын калыптанышына афинылык демократиянын жол башчысы Перикл күчтүү таасир эткен. Анын шарттуу түрдө «Тарых» деп аталган эмгеги грек тарыхынын зор маанилүү саясий окуясына — грек-перс согуштарына (б. з. ч. 500—449) арналган. Бирок ал бүтпөй калган. Кийин александрия-лык илимпоздор аны 9 китепке бөлүп, «Музалар» деп атаган. Аларда географиялык, этнографиялык ж-а тарыхый материалдар арбын. Эмгектин негизги идеясы — гректер м-н чыгыш элдеринин күрөшүп көрсөтүү. Г-тун үч китеби ошол күрөштүн жеткен жери — Ксеркстин жор-туулдары ж-дө баяндайт. Анда Хо-резмдин, Парфиянын, Бактриянын жерг. элдери, алардын турмушу ж-дө да маалыматтар бар.

Ад.:   Лурье С. Я., Геродот, М.—Л., 1947; Д о в а т у р А. И., Повествовательный и научный стиль Геродота, Л., 1957.

от 2020