ГЕРМАН СОЮЗУ

— герман мамлекеттеринин 1815-ж. 8-июнда Вена конгрессинде (1814—15) түзүлгөн бирикмеси. Г. с-на адегенде 39 мамлекет (1866-жылга чейин 32ге кыскарган), алардын ичине Бремен, Гамбург, Франкфурт-на-Майно ж. б. шаарлар кирген. Г. с-на германиялык ж-а ав-стриялык монархтар м-н катар англиялык (Ганновердин), голландия-лык (Люксембургдун), даниялык (Голыптейн м-н Лаунбургдун ээлери катары) королдор да мүчө болгон. Г. с-нун айрым мамлекеттердин өкүлдөрүнөн түзүлгөн сейминин чечими Г,. с-пуи бардык эле мүчөлөрү үчүн милдеттүү болгон эмес. Австриялык монархия Г. с-н рев-ячыл ж-а улут- тук-бошт. кыймылын басуу үчүн пайдаланган. Г. с. 1848—49-жылдагы рев-я убагында тарап, 1850-ж. калыбына келтирилген. Австрия-Пруссия согушунда (1866) Австрия жеңилип, Г. с. жоюлган; 1867-ж. Пруссия башкарган Түн. Германия Союзу түзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *