ГЕРМАНИЯ

от2020

Ноя 28, 2020

 (лат. Germania — германдар дегенден) — экинчи дүйн. согуштун (1939—45) аягына чейин ушундайча аталган Европадагы мамлекет (борбору — Берлин). Тарыхый очерки. Элдердин Улуу көчүу-сү деген доордо Рейн, Эльба д-лары м-н Альпынын аралыгында алеман, бавар, тю-ринг, сакс, фриз ж. б. уруулар жашаган. 6— S-к-да бул уруу союздарын франктар багындырып, Франк мамлекетинин составыпа кошкон. Ал мамлекет кулагапда (9-к-дыи орто чени) герман уруулары жашаган ай- 1848-шылы 14-июн-да жумушчулар менен кол өнөрчүлөр Берлиндеги арсе-налдын дарбазасын талкалап жаткан учуру. 1848-жылда-гы гравюра. мак өзүнчө бөлүнүп, алгачкы феод. мамлекет түзүлгөн. Ал мамлекет көп өтпөй эле баскынчылык жолго түшкөн. Чыгышта лаба (эльба) славяндарыньщ жерлерин караткан. Түштүктө Италияга жапырып кирген. Германдар 962-ж. Түн. ж-а Орто Италияны каратып, «Ыйык Рим империя-сын» түзүшкөн; ал 1806-жылга чейин жашаган. 11-к-дын аяк ченинен Г-да феод. мамилелер өөрчүп, шаарлар дүркүрөп өсө баштайт. Кээ бир шаарлар (Кёльн, Аугсбург, Майнц ж. б.) мурдагы рим сепилдеринен өсүп чыкса, кээ бирлери соода ж-а кол өнөрчүлүк кыштактары катары пайда болгон. 11-к-дын орто ченинде айрым феодал-дар өз алдынча болууга умтулат. Буга немец феодалдарынын Чыгышка экспансия-сы белгилүү даражада жардам берген. 13-к-дан баштап ири княздар көз карандысыз боло баштайт. Алардын өтө кубат-туулары (курфюрсттар) иш жүзүндө жалпы герм. маанилүү иштерди чечишип, ко-ролду (императорду) шайлоого укуктуу болушкан. Феод. коомдун ичинде акча-товар мамилелери өнүгүп, капитализмдин алгачкы формалары пайда болуп, натыйжада коомдук карама-каршылыктар күчөй баштаган. 16-к-дын баш ченинде Г-да католиктер чиркөөсүнө каршы коомдук кыймыл — Реформация башталган. Бул мезгилде Дыйкандар согушу (1524—25) чыгып, Түш.-батыш ж-а Борб. Г-га жайылган. Княздар Реформацияны өз мүдөөсүнө пайдаланып, чиркөө жерлери м-н чиркөөнү бүт бойдон баш ийдиришкен. 16-к-дын аягы —17-к-дын башында соода жолдору Жер Ортолук деңизден Атлантикага которулуп, саясий реакция күчөйт. Бул жагдай Г-нын экономикасын начарлатат. 1618—48-жылдардагы Отуз жылдык согуш Г-ны ого бетер тукулжуратат. 1648-жыл-дагы Вестфалъ тынчтык келишими Г-нын бытыранды болушун горид. жактан бекемдейт. Анын терр-ясы ЗООтө жакын княздыкка бөлүнөт. 17—18-к-дарда эли немец тилинде сүйлөгөн эки ири мамлекет — Австрия м-н Пруссия күч ала баштайт. Улуу француз рев-ясы Г-да да феодализмге каршы дыйкандар кыймылынын күчөшүнө Түрткү берет. Рев-ядан чочулаган немец феодалда-ры м-н княздары биргелешип, рев-ячыл Францияга каршы чыгат. 1792-ж. апрелде Австрия — Франция согушу башталат. Австрия м-н Пруссия биригип кетет. Бирок француз армиясы алардын күчүн талкалап, 1795-ж. Пруссия Франция м-н сепараттык тынчтыкка кол коёт [к. Базелъ тынчтык договору (1795)]. 1803-04-ж. Наполеон I-нин аракети м-н Г-дагы майда мамлекеттер жоюлат да ири княздыктар (Австрия м-н Пруссияга каршы пайдалануу үчүн) пайда болот. 1806-ж. Пруссия Франция м-н кайра согушуп, дагы жеңилет. Ушул жылы Наполеондун протектораттыгы м-н Рейн союзу түзүлөт. Өз өлкөсүнүн мүдөө-сүн эсепке албай, Пруссия, Австрия ж. б. герм. мамлекеттер Францияга кошулуп, Россияга каршы баскынчы согушка катышат. 1812-жылкы Ата Мек. согушта орус элинин ж-а орус армиясынын жеңиши Г-да Наполеондун бийлигине каршы бошт. кыймылдын башталышына өбөлгө түзөт. Француз оккупанттарынан Г. бо-шотулганда (1815) Вена конгрессинин чечими м-н Австрия башчылык кылган Герман союзу түзүлөт, бирок ал да Г-нын саясий бытырандылыгын жоё албайт. 19-к-дын 40-жылдарында Г-да капит. мамилелер өнүгүп, ө. ж. өндүрүшү күчөйт, социалдык конфликттер курчуйт. 1 Бир нече мертебе дыйкандар м-н жум’ушчулар көтөрүлүшкө чыгат. Алардын эң ириси — силезиялык токуучулардын көтөрүлүшү (1844). Г-да 40-жылдары пролетариаттын жол башчылары К. Маркс м-н Ф. Эн-гельстин саясий ишмердиги башталат. Натыйжада Г. илимий социализмдин мекенине айланат. Г-да 1848—49-ж. бурж.-демокр. рев-я болуп өтөт. Бул рев-я өлкөнү бириктирүү максатын көздөгөн. Бирок буржуазиянын келишкич саясатынан ж-а пролетариаттын уюшпагандыгынан жумушчу табынын өлкөнү бириктирүү багытындагы башкы максаты ишке ашпай калат. Рев-янын жеңилиши Г-нын «жогортон» зордук м-н биригишин шарттайт. 1862-ж. по-мераниялык юнкер О. Бисмарк канцлер-дикке дайындалып Г-ны «темир жана кан» м-н бириктирүү жолуна түшөт. Пруссиянын Дания (1864), Австрия (1866), Франция (1870—1871) м-н согуштары Г-ны бириктирүүгө алып келет. 60-жылдары Г-да капитализм өнүгүп, жумушчу табы сан жактан көбөйүп, саясий жактан уюша баштайт. 1863-ж. Ф. Лассалъ башында турган Бүткүл герман жумушчу союзу уюшулат; 1869-ж. А. Бебель м-н В. Либкнехт жетектеген Г-нын с.-д. партиясы (эйгенахчылар) түзүлүп, маркстик программа кабыл алат ж-а I Интернационалдык жолуна түшөт. Г. 19-к-дын аягы — 20-к-дын башында экон. жактан тез өнүгүп, экон. көрсөткүчтөрү б-ча Европада биринчи орунга чыгат. Герман империализми бул мезгилде башка импер. державалар бөлүп алган жер шарын кайра бөлүштүрүүгө умтулуп, ашкере агрессиячыл жолго түшөт. Герман империализми Г-нын жеңилиши м-н аяктаган 1-дүйн. (1914—18) согушту даярдоодо ж-а баштоодо бөтөнчө активдүү Юнкердик-ми-литаристт и к Пруссияга ко-шулг андан кийинки Германиянын келечеги. 9.’ Фукстун ка-рикату расы. 1870. роль ойнойт. Улуу Окт. рев-ясынын таасири м-н Г-да рев-ячыл кыймыл жогорулайт. 1918-ж. Г-да Ноябрь революциясы башталып, монархия кулайт. Берлинде К. Либкнехт ж-а Р. Люксембург жетекчилик кылган «Спартак Союзунун» негизинде түзулгөн Г-нын компартиясынын (ГКП) уюштуруу съезди (1918-ж. 30-дек. —1919-ж. 1-янв.) болот. ГКПнин программалык документтеринде герман империа-лизмине каршы күрөштүн жолдору көрсөтүлөт. Бирок оңчул с.-д. лидерлердин чыккынчылыгынан пайдаланып, контррев-ячылар массанын рев-ячыл кыймылын басат. 1919-ж. 31-июлда Беймар бурж. респ-касы жарыяланып, өкмөт мурдагыдай эле үстөмдүк кылган таптын мүдөөсүн жактаган бойдон калат. Г. 1922-ж. Сов. Россия м-н дипл. мамиле түзөт. 1923-жыл-дын башында Франция м-н Бельгия Рур-ду басып алып, ошондон улам Г-да курч саясий кризис пайда болот. 1923-ж. октябрда Э. Тельмандып жетекчилиги м-н пролетариаттын Гамбург которулушу чыгат. 1924-жылдан герм. монополисттер Г-ны СССРге каршы сокку уруучу күч катарында пайдаланууга аракет кылган АКШнын ж-а Улуу Британиянын башкаруучу чөйрөлөрүнүн жардамы м-н Г-нын согуштук ө. ж. потенциалын калыбына келтире баштайт. 1933-ж. Г-да Гитлердин фаш. диктатурасы орноду. Г. Япония м-н «Антикомин-терндик пактыны» (1936) түзүүгө демилгечи болгон, 1937-ж. ага Италия кошулган. 1936—39-ж. гитлердик Г. ж-а фаш. Италия респ-налык Испанияга каршы интервенция жасаган. 30-жылдары Г. коңшу мамлекеттерге каршы багытталган агрессия жолуна түшкөн. 1938-ж. мартта Ав-стрияны (аншлюсе), 1938—39-ж. Чехосл-яны басып алган. Батыштагы державалар фаш. Г-ны СССРге каршы агрессия жасоого тукурган шарттарда Совет өкмөтү кол салышпоо ж-дө договор түзүү тууралуу герм. сунушту кабыл алууга аргасыз болгон (1939-ж. авг.). Гитлердик Г. 1939-ж. 1-сентябрда Полыдага кол салып, 2-дүйн. согушту баштайт. 1940-ж. гитлерчилер Дания, Норвегия, Люксембург, Бельгия, Голландияны басып алып, Франпияны ба-гындырган. Алар 1941-жылдын башында Греция м-н Югославияны караткан. Ал эми 1941-ж. 22-июнда СССРге кыянаттык м-н кол салган. Совет эли өз жергесин коргоого түп көтөрө аттанды. Ал фаш. Г-ны кыйратууга чечүүчү салым кошту. 1945-ж. 8-майда фаш. Г. антигитлердик коалицияга кирген мамлекеттерге багынып берди. Натыйжада өлкө 4 зонага (сов., амер., англ., франц.) бөлүндү. 1945-ж. Потсдам конференциясында 4 держава Г-да демилитари-зациялоо, денацификация ж-а демократиялаштыруу жүргүзүүгө милдеттениш-кен. Сов. аскердик администрация бул чечимдерди өз зонасында туура аткарып турган. Батыштагы зоналарда Потсдам конф-ясынын чечимдери иш жүзүнө ашырылган шок. АКШнын, Улуу Британиянын ж-а Франциянын башкаруучу чөйрөлөрү герм. империализмди кайра калыбына келтирип, аны Советтер Союзуна каршы пайдалануу жагын көздөштү. 1946-ж. 2-декабрда АКШ м-н Улуу Британия өздөрү оккупациялап тургай зо-наларын бириктирүү («Бизония») келишимине кол коюшту. 1948-ж. Батыштагы державалар өз зоналарын бириктирүү ж-а батыш Г-да сепараттык мамлекет түзүү чечимин кабыл алышты. 1949-ж. Германия Федерация Республикасы (ГФР) түзүлдү. Ушундан улам 1949-ж. октябрда көпчүлүк калктын эрки м-н Германия Демократия Республикасы (ГЩ>) жарыяланды. Г-да 16-к-да чарбанын, асыресе ө. ж-дын (металл казып алуу ж-а эритүү ж. б.) өсүшүнө байланыштуу илим тез өнүгө баштайт. 14-к-дьш аягы — 15-к-дын башында Гейдельберг (1386), Кёльн (1388), Лейпциг (1409) ж. б. ш-ларда ун-ттер ачылат. И. Гуттенберг тарабынан китеп басуу жолунун табылышы (1445) илимдин өнүгүшүнө чоң түрткү берет. 15-к-дын ортосунда Н. Кузанский Жер Күндүн тегерегинде айланат деген идеяны айтып, Борб. Европанын картасын түзөт. М. Бе-хайм 1-глобусту (1492) жасайт; И. Мюллер (Региомонтан) астр-ялык таблица түзөт; андан Б. Диаш, Васко да Гама, Х. Колумб сыяктуу саякатчылар пайдаланат. Бирок 17—18-к-да Г. илимдин өнүгүшү жагынан Англия м-н Франциядан артта калат. Буга Отуз жылдык согуш (161848), өлкөнүн бытырандылыгы, экономика жактан артта калышы себеп болгон. Бул мезгилде Г-дан бирин-экин гана белгилүү илимпоз чыккан. И. Кеплер планеталар кыймылы ж-дөгү законду ачып, деңиз суусунун тартылуу ж-а көтөрүлүү себебин түшүндүргөн, телескоп б-ча 1-теорияны иштеп чыккан ж-а ин-тегралдоо методун сунуш кылган. Г. В. Лейбниц дифференциялоочу ж-а ин-теграциялоочу эсептөө теориясын түзгөн. 18-к-дын 2-жарымынан кийин Г-да илим кайрадан өнүгүп, өзгөчө анын биология, химия еңдүү тармактары алдыга жылган. М. Клапрот уран, цирконий, титан, це-рийди ачып, стронций м-н хром өңдүү элементтердин бирикмелерин алган. 18-к-дын аягында И. Рихтер эквивалент за-конун ачкан. 1694-ж. Р. Камерариустун өсүмдүк жынысын табышы, 1760-ж. Й. Кёльрёйтердин өсүмдүктөрдү гибрид-дештирип тажрыйба жасашы ж-а 1793-ж. К, Шпренгелдин курт-кумурсканын өсүмдүктөрдү чаңдаштыруудагы ролун түшүндүрүшү биологиянын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзгөн. 1755-ж. И. Кант асман тело- лору адегенде газ түрүндөгү тумандан пайда болгон деген космогониялык гипо-тезасы м-н 18-к-дагы метафиз. көз карашкасокку урган. 1765-ж. Фрейбергде (Саксония) дүйнөдөгү биринчи Тоо-кен академиясы ачылып, жалпы геол. маселелер иштеле баштайт. 19-к-дын 1-жарымында экономиканын жогорулашына байланыштуу илимдин, айрыкча химия, математиканын өнүгүшү ылдамдайт. К. Гаусс электр статистика-сынын потенциал теориясын иштеп, жер магнетизми, механика («Гаусс принциби»), геом. оптика, геодезия ж-а аетр-я б-ча да маанилүү ил. эмгектер жазат. Р. Бунзен электролит м-н туз эритиндиле-ринен металлды бөлүп алуу жолун изилдейт. К. Гмелин жасалма ультрамаринди (1828), К. Шёнбейн озонду (1839), пирок-силинди (1845) ачат. Ю. Либих бардын орг. бирикмелерди белок, май ж-а угле-водго бөлөт. 1831-ж. биринчи жолу ал хлороформду, 1835-ж. уксус альдегидин ж. б. бирикмелерди алып, чирүүнүн ж-а-ачуунун хим. теориясын сунуш кылат, агрохимияга негиз салып, өсүмдүктүн ми-нералдуу заттар м-н азыктануу теориясын түзөт. 1834-ж. Э. Мичерлих бензол ж-а бензой к-таларынын тектештигин аныктап, 1843-ж. А. Гофман ар башка анилиндердин окшоштугун далилдейт. Бул мезгилде техника, физика (бөтөнчө оптика м-н электродинамика), астр-я тез өнүгөт. Буу машиналары жакшыртылып, гидравликалык реактивдүү турбина (К. Хеншель, 1837) жасалат. И. Риттер 1801-ш. ультракызгылт көк нурдун бар экенин далилдеп, Й. Фраунгофер тех. оптика-ны өзгөртөт ж-а 1814-ж. Күн спектринин сызыгын (бул анын ысымы м-н аталган) ил. негизде сыпаттап чыгат. 1821-ж. Т. Зее-бек термоэлектрди, 1826-ж. Г. Ом өз ысымы м-н аталган Ом законун ачат. 1845— 48-ж. Ф. Нейман электромагнит индукция-сынын теориясын түзөт. Врач Р. Майер (1842) м-н физиолог Г. Гельмгольцтун (1847) энергиянын сакталуу законун ачышы (табият таанууда™ негизги закон) илимдеги зор ийгилик болгон. Бул законду ж-а Майер м-н Гельмгольцтун ил. пикирлерин Ф. Энгельс «Жаратылыш диа-лектикасы» деген эмгегинде филос. жактан талдаган. 19-к-дын орто ченинде биологиянын өсүшүнө физиолог И. Мюллер м-н анын жолун жолдоочулар (Т. Шванн, Г. Гельмгольц ж. б.) чоң салым кошкон. Мюллердин «Кишинин физиологиясы» (1834—40) аттуу колдонмосу медицинанын өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон. Шванңдын жан-жаныбар организми бирдиктүү клеткадан түзүлөт деген теориясын (1838) Энгельс 19-к-дын табият таануусундагы үч улуу ачылыш- ■ тын бири деп атаган. Химия, физиканын өнүгүшү минералдарды изилдөөгө түрткү берген. Х. Вейс м-н И. Гессель кристал-лографияны негиздеген. Жер ж-дөгү илим тарам-тарамга бөлүнөт, бирок аны м-н катар билимдердин бирдиктүү системасы да калыптана баштайт. А. Гумбольдттун «Космос» (1845—62) деген эмгеги бу жагынан мыкты ил. синтез болгон. Ал жалпы fi’3. географияга, климатологияга ж-а өсүквдч географиясына негиз салган. 19-к-дын 2-жарымында табият илиминин теориясы м-н практикасында зор прогресс болуп, математика, орг. химия, техника, биология ж-а физика сыяктуу илим тармактары алдыга чыгат. Көрүнүктүү математик Б. Риман интегралга терең талдоо жасап («Риман интегралы»), геом. методду пайдаланып, өзгөрмө комплекс функциясынын жаңы теориясын түзөт. Теориялык физика б-ча да чоң ийгиликтер жаралат. Термодинамиканын үч негизин тең немец физиктери Г. Гельмгольц (1-негиз, 1847), Р. Клаузиус (2-не-гиз, 1850), В. Нернст (3-негиз, 1906) түзөт. Кийин Гельмгольц гидродинамикага да чоң салым киргизип, акустика м-н метеорологиянын негизин, Г. Кирхгоф толкундун ж-а жарыктын таралуу теориясын өнүктүрөт. А. Крениг м-н Клаузиус газдын кинетика теориясын, 1859-ж. .Кирхгоф м-н Р. Бунзен спектрдик анализдин негизин иштеп чыгат. 1895-ж. В. Рентген ачкан нур анын ысымы м-н аталат. 1886—89-ж. Г. Герц англ. илимпоз Ж. Максвелл алдын ала айткан электрмагнит толкунунун бар экенин далилдейт. 19-к-дын аягында Г. колдонмо оптика-нын дүйн. борбору болуп калат. Э. Аббе азыркы кездеги микроскоп теориясын негиздеп, К. Цейс оптика приборлорун чыгара баштайт. Р. Бунзен м-н Кирхгоф спектр анализинин жардамы аркылуу цезий (1860), рубидий (1861), Ф. Рейх м-н Т. Рихтер индий (1869), К. Винклер германий (1886) элементтерин ачат. Ошол эле учурда физ.-химия, электрохимия өнүгүп, немец химиктери структура теория-1 сы, аромат бирикмелер теориясы ж-а сте-реохимияны иштеп чыгып, теориялык орг. химияга да баалуу жаңылыктар киргизет. Химия м-н тыгыз байланышкан өндүрүштүн муктаждыктарга, Г-да ө. ж. үчүн сырьё жетишсиздиги химиктердин тынымсыз изденишин шарттайт. 1860-ж. К. Кольбе салицил к-тасын алуу жолун табат. 1869-ж. К. Гребе м-н К. Т. Либер-ман ализаринди, 1870-ж. А. Байер инди-гону синтездеп алат. 19-к-дыы орто ченинде биологияда да ил. ачылыгдтар күчөйт. К. Людвиг жетектеген физиологдор мектеби кан айлануу, нерв системасы ж. б. органдарды эксперимент коюп изилдейт. 70—80-жылдары Э. Страсбургер, В. Флемминг ж. б. илимпоздор иштеп чыккан клетканын татаал бөлүнүшү, хромосом м-н ядронун андагы ролу ж-дөгү окуусу тукум ж-а жыныс клеткаларынын жетилүү процессинин кээ бир деталдарын билүүгө ж-а тукум куучулуктун ядролук теориясын түзүүгө мүмкүнчүлүк берген. Бактериология б-ча Ф. Лёфлер, Г. Гафка сыяктуу илимпоздор маанилүү изилдөөлөр я^үргүзгөн. Сибирь жарасы (1876), туберкулёз (1892), дифтерия өңдүү оорулардын козгогучтары табылган. 1892-ж. Э. Верингдин дифте-рияга каршы антитоксин сары суусун (сывороткасын) табышы м-н серотера-пияга негиз салынган. Г-да бул мезгилде медицинанын дерматология, гинекология, отоларингология, психиатрия өңдүү атайын тармактары жакшы өөрчүгөн. Немең илимпоздору азыркы кездеги ил. рев-янын 1-этабында релятив ж-а квант физикасын өнүктүрүүдө англ. окумуштуулар м-н катар ат салышкан. Ө. ж. м-н байланышкан ил. мекемелер көбөйүп, колдонмо илимдерде, айрыкча химия ж-а кээ бир тех. илимдерде согуштук мааниси бар проблемалар изилденет. 19-к-дын аягынан 20-к-дын 40-жылдарына чейин математика илиминин өнүгүшү үчүн Д. Гильберт көп эмгек жумшайт. А. Эйнштейн фотоэффект законун таап, илимге фотон түшүнүгүн киргизет (1905). Ушул эле жылы салыштырмалуулуктун атайын теориясын, 1916-ж. салыштырмалуулуктун жалпы теориясын ж-а жарыктын та-ралуу теориясын түзөт. Даниялык илимпоз Н. Бор негиздеген атомдун квант энергиясы ж-дөгү принцип 1913-ж. Ж. Франк м-н Г. Герцтин тажрыйбалары аркылуу ырасталат. Жылуулук сыйым-дуулугунун квант теориясы түзүлөт (А. Эйнштейн, П. Дебай). 1912-ж.М. Лауэ ж-а анын кызматташтары В. Фридрих, П. Книппинг кристаллдагы рентген нурунун дифракциясын ачышат. 20-к-да химияда фундаменттүү изилдөөлөр күчөп, бир катар орг. заттардын структурасын билүүгө аракет жасалды. Канттын ж-а хлорофиллдин түзүлүшү, терпендин структурасы аныкталды. 1935-ж. В2 витамини, 1937-ж. А витамини синтез-делип, Д тобундагы витаминдер, гормон-дор изилдейли. 19-к-дын 2-жарымында эле физиологдор, химикте р адам м-н айбандардын денесиндеги зат алмашууну изилдөөгө киришкен. 19-к-дын аягында физио-логиядан биохимия бөлүнүп чыкты. 20-к-дын башында немең химиктери белок-тун хим. составын аныктады. ‘Фашизм диктатурасы өкүм сүргөн кезде Г-да теориялык табият таануу илиминин кедейи кетти. Фашизм м-н келише албаган белгилүү илимпоздор (А. Эйнштейн, М. Борн, Ж. Франк ж. б.) өлчө-зөн кетип калды, кээ бирлери (Гильберт, Планк ж. б.) ил. ишин кескин кыскартты. Бул мезгилдеги маанилүү ачылыш О. Ган ж-а Ф. Штрасман ишке ашырган уран ядросунун бөлүнүшү болду (1938). Фашизм бардык ил. из. иштерди согуш мүдөөсүнө багындырды. Ууландыргыч заттар, жог. сапаттагы легирлепген болот, була-каучук чыгаруу күч алды. 1939-ш, туңгуч авиац. реактивдүү кыймылдаткычтар, 1940-ж. «Фау-1», «Фау-2» ракеталары н;асалды. Биологияда «раса гигиенасы» деген иштелип, ал «норд» (түндүк) ра-сасынын башкалардан өйдөлүгүн, «арий эмес» элдерди кыруу зарылчылыгын не-гиздөөгө далбаса урду. Геополитика идеялары өнүктүрүлдү.

  1. КООМДУК ИЛИМДЕР. 15-к-дын аягында феодализмге каршы кыймылга байланыштуу гуманисттик багыттагы немец филос. ой-пикири өнүгө баштайт. Анын ири өкүлдөрү: М. Лютер, И. Рейхлин, Ульрих фон Гуттен ж-а ошо кездеги эң ири рев-ячыл ойчул Т. Мюн-цер. 17—18-к-да, о. эле 19-к-дын башында Г-дагы филос. системалар негизинен идеалисттик мүнөздө өнүккөн. Буга Г-нын экон. жактан артта калышы ж-а саясий жактан бытырандылыгы себепкер болгон. Г. В. Лейбництин идеалисттик системасы 17—18-к-да өнүгүп, немең агартуучулары (Х. Томазия, Х. Вольф ж. б.) тарабынан колдоого алынган. 17-к-да диалек. ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө Я. Бёме салым кошкон. Официалдуу агартуучулар (М. Мендельсон ж. б.) феод. мамилелерге келишүүчүлүк м-н карашкан. Мындай белгилер И. И. Випкельманга, а түгүл историзм принцибин адеп өнүктүргөн И. Г. Гердерге да мүнөздүү болгон. Г. Э. Лессингдин филос. эмгектеринде агартуучулуктун радикал идеялары орун алган. 16—18-к-да Г-да механисттик материализм өнүгөт. Анын ири өкүлдөрү: П. Вольф, Г. Вагнер, И. Х. Эдельман, К. Кноблаух ж. б. Спинозанын материалисттик көз караштарын В. Щтош, Т. Лау жолдогон. 18-к-дын аягында немец классикалык идеализминин мектеби (И. Кант, И. Фихте, Ф. Шеллинг, Г. Гегель) түзүлөт. Бул мектеп субъективисттик багыттагы дуализм ден (Кант) ж-а субъективдүү идеа-лизмден (Фихте) объективдүү идеализмге (Шеллинг ж-а Гегель) карай өнүгөт; Гегель диалектиканын негиздерин иштеп чыккан; бирок анын рев-ячыл тыянактарга алып келген диалектикалык методу Гегелдин консервативдүү системасына карама-каршы турган. Гегелдин социалдык-саясий кез караштары реакциячыл мүнөздө болгон. 1830,—40-жылдарда Гегелдин мектеби оңчул (Г. Ф. Гинрихс, Г. А. Габлер) ж-а солчул гегелчилерге бөлүнөт. Солчул же жаш гегелчилердин арасынан материалист философ Л. Фейербах чыгат. Ал матер, идеяларды кайра жандандырыл, жаңыча негиздейт; дин м-н идеализмге каршы катуу куоөш ачат. Бирок Фейербахтын ант-роп-ялык материализми метафизикалык мүнөздө болгон. Коомдук көрүнүштөрдү түшүндүрүү жагынан Фейербах идеалисттик көз карашта турган. 19-к-дын 40-жылдарында рев-ялык кыймылдын борбору Г-га ооп, ал жерде марксизм пайда болот. К. Маркс ж-а Ф. Энгельс пролетариаттын рев-ялык кыймылынын тажрыйбасын жалпылап ж-а утопиялык социализм, англ. саясий экономия, классикалык немец философиясынын теориялык мурастарын сын көз м-н кайра карап чыгып, философияда рев-ялык төңкөрүш жасашты, диалек. ж-а тарыхый материализмди иштеп чыгышты. 19-к-дын 2-жарымында марксизм Г-да кеңири кулач жайды; И. Дицген, А. Бебель, Ф. Ме-ринг, В. Либкнехт өңдүү марксчыл философтор өсүп чыкты. 1848—49-ж. революциядан кийин Г-нын бурж. философиясы реакциячыл багытта өнүгөт. 19-к-дын орто ченинде А. Шопен-гауэрдин субъективдүү идеалисттик ж-а волюнтаристтик окуусу кеңири тарайт, вульгардык материализм (К. Фохт, Л. Бюхнер) күч алат. Империализм доорунда Г-да махизм (Р. Авенариус), «турмуш философиясы» (Ф. Ницще, В. Диль-тей, О. Шпенглер ж. б.), феноменологизм (Э. Гуссерль), экзистенциализм (М. Хей-деггер, К. Яспрес), неотомизм (Й. Пипер) өңдүү идеалисттик филос. мектептер пайда болот. Немец бурж. философиясындагы реакциячыл идеялар Г-дагы фаш. идеоло- Илимий коммунизмди негиздөөчүлөр К. Маркс менен Ф. Энгельс. Н. Н. Жу-крвдуи сүрөтү. гиянын (А. Гитлер, А. Розенберг) жаралышын шарттаган. 19-к-дын аягы 20-к-дын башы ченде марксизмге каршы бурж. философия м-н катар ревизионисттер (Э. Бернштейн, К. Шмидт ж. б.) да күрөш ачат. Г-да маркстик философиянын тазалыгын сактоодо ж-а аны өнүктүрүүдө А. Бебель, Ф. Меринг, Р. Люксембург, К. Либкнехт, Э. Тельман көрүнүктүү роль ойногон. 11—13-к-да Г-да феод. тарых илими, 15— 16-к-да гуманисттик тарых илими өнүгөт. Гуманисттер байыркы кездеги ж-а о. кылымдагы эстеликтерди жыйнатып, Г-нын жалпы тарыхына обзор жасашат. Агар-туучулук мезгилдеги историографияда (18-к.—19-к-дын башы) прогресс теориясы бүткүл дүйн. универсал көрүнүш катары каралып, феод. абсолютизм бурж. пози-циядан сыйдала баштайт. 18-к-да ж-а 19-к-дын 1-жарымында байыркы тарыхты изилдөө б-ча бир топ ийгилик болот. Немең илимпоздору античный мад-тты изилдөөдө жаңы сын методуна негиз салышат. Классикалык немең философиясынын өкүлдөрү (асыресе И. Г. Гердер, Г. Гегель) прогресс ж-а тарыхый өнүгүү түшүнүгүн бир кыйла тереңдетишет. Герм. буржуазиячыл улуттук историография өнүгөт. К. Маркс м-н Ф. Энгельстин тарыхты диалек. материализмдин негизинде түшүндүрүп, тарыхый материализмди иштеп чыгышы тарых илиминдеги чыныгы төңкөрүш болот. Алар аны жалпы филос. ж-а экон. эмгектеринде гана эмес, тарыхый изилдөөлөрүндө да өнүктүргөн. Маркс м-н Энгельс Г-да маркстик историогра-фияга негиз салышкан. 50—60-жылдары немец историография-сында тарыхчылардын пруссиялык мектеби үстөмдүк кылып, алар буржуазиячыл парт, принципти ачык жарыялоо м-н Г-ны «жогортодон» бириктирүү идеясын жак-ташкан. 19-к-дын аягы — 20-к-дын башында немец илимпоздору конкреттүү-тары-хый изилдөөдө ийгиликтерге жетишсе да, жалпы методологиялык маселелерде реакциячыл позицияда кала беришкен. 20-к-дагы немец историографиясында милита-ризмге тарапкер, империалистчил ж-а шовинистчил тарыхчылардын таасири күчөйт. Веймер Респ-касынын мезгилинде (1919 —33) Г-дагы тарыхчылардын бир тобу немец реакциячыл историографиясынын эски салттарын күчөтүп, империализмди актоого көп күч жумшайт. Фашизм мезгилинде (1933—45) юнкердик ж-а бурж. историографиянын реакциячыл салттарын гитлерчилер баскынчылык саясатын актоо учун пайдаланат. Марксчылар бул кезде (В. Ульбрихт ж. б-лардьш эмгектеринде) негизинен жумушчу табынын, ГКПнин тарыхына көңүл буруп, фашизм-дин реакциячыл табиятын аншерелешти* Г-да бурж. саясий экономия адегенде вульгардык багытта өнүккөн. Саясий эко-номияда да К. Маркс м-н Ф. Энгельс рев-ячыл төңкөрүш жасаган. Бирок марк-сизмдин тез тарап, жумушчу кыймылынын өсүшү м-н немец саясий экономия-сына бурж. экон. реформачыл идеялар да кирип кетти. Көпчүлүк илимпоз эко-номисттер бурж. көз караштарын соц. терминдер м-н жаап-жашыра баштады. «Мамлекеттик социализм» идеясын бурж. экономисттер м-н катар жумушчу кыймылында™ оппортунист ишмерлер (Ф. Лассаль) да таратты. 19-к-дын аягынан саясий экон. ой-пикирде марксизм м-н бурж. вульгардык саясий экономия-нын көп жоболорун «синтездөө» аркылуу «чарбалык өнүгүүнүн жаңы маалыматтарын» пайдалануу м-н марксизмге «оңдоо» киргизүүгө (к. Бернштейнчилик) аракеттер болду. Герм. социал-демократиянын Р. Гильфердинг, К. Каутский сыяктуу өкүлдөрү марксизмдин экон. окуусун про-пагандалоого бир аз үлүш кошсо да кийин көп маселелер б-ча ревизиячыл, ан-тимаркстик теориялар чыгарышты. Саясий экономиядагы ревизиячыл көз караштар-га каршы Р. Люксембург (айрым жаңы-лыштыктар кетирсе да) айныбай күрөш-көн. 17-к-дын 2-жарымында ж-а 18-к-да немец укук ой-пикирине агартуучулук идеялары таасир тийгизген. Бирок ал экон. ж-а саясий жактан артта калуунун, бы-тырандылыктын шарттарында өнүккөн. Укук маселесине классикалык немец фи-лософиясынын Кант, Фихте, Гегель сыяктуу өкүлдөрү да кыйла көңүл бөлгөн. Алар укук илимин философиянын составдын бөлүгү катары карашкан. Алардын социалдык-саясий көз караштары, асыресе мамлекет ж-дөгү окуулары укук философиясы катары калыптанган. 19-к-дын аягы — 20-к-дын башында юрид.-филос. ж-а юрид.-социологиялык багыттагы жаңы мектептер жаралды. 20-к-да юнкерчилик-тин ж-а монополисттердин агрессиячыл-милитаристтик аракетин актоо үчүн Г-да «чыныгы герман укугунун» артыкчылыгын камтыган идеол. комплекс түзүлдү. Биринчи дүйн. согуштан (1914—18) кийин бул комплекс ошол кезде Г-да пайда болгон реакциячыл окууларга кошулду да, фашизмдин официалдуу саясий-укук идео-логиясынын бир бөлүгүнө айланды. Фаш. Г-да укук илими «немец укук тартибинин артыкчылыгы» деген расалык укук идеясын жайылтып, нацисттик зомбулук, кишини жек көрүүчүлүк, баскынчылык көз караштарын өөрчүттү. Немең ад-т таануусу Агартуучулук доорунда кальштана баштады. Г. Э. Лессинг догмалык классицизм м-н күрөштө реалисттик эстетикага ж-а адабий сынга негиз салды. И. Г. Гердер илимге ад-ттын тарыхый жактан шартталуу принцибин киргизип, анын башаты катары элдик поэ-зияга кайрылды. 19-к-дын 30-жылдарында Г. Гервинус ад-тты мад-ттын ж-а коомдук-саясий өнүгүштүн ажырагыс бөлүгү катары караган маданий-тарыхый мектепти түздү. 19-к-да ж-а 20-к-дын башында Г. Гетнер, В. Шерер сыяктуу ад-тчылар иштеди. 20-к-да духовный-тарыхый мектеп (В. Дильтей, Ф. Гундольф ж. б.) өсүп чыкты. Немең ад-т таануусуна марксизмдин пайда болушу өтө күчтүү таасир тийгизди. Буга Ф. Меринг, Р. Люксембург, К. Цеткиндин адабий-ил. эмгектери мисал. Марксизм биринчи жолу ад-тты чыныгы ил. негизде изилдөөгө мүмкүнчүлүк ачты. Соц. реализм теориясына И. Р. Бехер, Б. Брехт, А. Зегерс, А. Ку-релла сыяктуу ад-т чеберлери олуттуу салым кошту. Г-да 15—16-к-да мектеп сөздүктөрү, латын ж-а немец тилинин грамматикалары пайда болот. 17—18-к-да филология илими өнүгүп, немец тилинин сөздүгү, норма-тивдүү грамматикасы, байыркы немең алтынын эстеликтери басылып чыгат. Диалектилик материалдар жыйнала баштайт. 19-к-да немец илимпоздору салыштырма-тарыхый тил илимине көбүрөөк көңүл бурат. Тил илиминин өнүгүшүнө В. Гум-больдттун изилдөөлөрү чоң түрткү берет. Немец диалектилерин изилдөө ишине И. Шмеллер («Бавар диалектилеринин грамматикалык түзүлүшү», 1821) ж-а , И. Винтеллер («Гларус кантонунун кери диалекти», 1876) негиз салат. 1926—51-ж. Г. Венкер м-н Ф. Вреде «Немец тилинин диалектологиялык атласын» биринчи жолу чыгарышат. К. Маркс м-н Энгельстин «Немец идеологиясы», «Франк диалекти» (бүтпөй калган) эмгектеринде тил илиминин айрым маселелери матер, позициядан каралган. Адабияты. Г-нын байыркы ад-тынан бизге жеткен үлгүсү — «Хильдебрант жөнүндө ыр» (810-ж.) аттуу баатырдык эпос. 9—10-к-да монах Отфрид Вейсенбургский (туңгуч немец акыны) м-н монах Хрос-вита Гандерсхеймская диний ырлар жазып калтырышкан. А кезде элдик оозеки поэзиянын салттарын кыдырып жүрчү ырчылар — шпильмандар улантышкан. Феодализмдин өсүү учурунда (11—15-к.) Вольфрам фон Эшенбахтын «Парци-фаль» (1198—1210-ж. ченде) ж-а Готфрид Страсбургдун «Тристан жана Изольда» (1210-ж. ченде) деген романдары пайда болот. Кайра жаралуу доорунда (16-к.) өнүккөн гуманисттик ад-т динге каршы багыттагы чыг-ларды жаратты. Мис, Эразм Роттердамскийдин «Түркөй адамдардын каттары» (1515—17), «Акмакты макюо» (1509) чыг-лары. 17-к-дын ад-ты Отуз жылдык согуштун (1618—48) шартында ж-а диний кризистин башталыш учурунда өнүккөн. Акын М. Опиң (1597—1639) классицизм принцибин жактап, немец тилинин тазалыгын сактоо маселелерин козгоп чыккан («Немец поэзиясы жөнүндө китеп», 1624). 17-к-дагы немең ад-тынын кыл чокусу — Х. Я. Гриммельсхаузендин «Симшщцис-симус» (1669) чыгармасы. Ал барокко ад-тынын кеңири таралган учурунда жазылган. Адепки Агартуучулук доорунун ад-ттагы өкүлдөрү — К. Вейзе (1642— 1708), К. Рёйтер (1665—1712). Агартуучулук доорундагы немең ад-тынын бийик чокусу — Г. Э. Лессингдин тамсилдери ж-а драмалары («Минна фон Барнгельм», 1767; «Акылман Натан», 1779). Ошол кезде немец ад-тында романист К. М. Ви-ланд (1733—1813), акын Ф. Г. Клопшток (1724—1803) иштеген. 18-к-дын 2-жарымында «Бороон ж-а кысым» деген агым жаралып, ага негиз салышкандардын бири И. Г. Гердер (1744 —1808) немец фольклоруна кайрылган ж-а немец ад-ты м-н иск-восунун тарыхый өнүгүш келечегин көрсөткөн. Ошол учурда И. В. Гёте м-н Ф. Шиллердин чыг-лары жаралып, немец ад-тынын эң бийик улгүлөрүнө айланган. 18-к-дын аягы — 19-к-дын башында немең ад-тында ар түрдүү багытта өнүккөн романтизм пайда болот. Немең романтиз-минин өкүлдөрү: агалы-ини Шлегелдер (Фридрих Ш., 1772—1829; Август Ш., 1767— 1845), Л. Тик (1773—1853), И. К. Ф. Гёль-дерлин (1770—1843), Э. Т. А. Гофман (1776—1822) ж. б. Бул учурдагы немең ад-тынын деңгээли Г. Гейненин лирика-сы ж-а публ. чыг-лары м-н белгиленген. 19-к-да Ф. Фрейлигарт (1810—1876), Г. Гер-верг (1817—75), Г. Веерт (1822—56) өңдүү акын-жазуучулар иштеп, немең ад-тына саясий пафос ж-а соң. идеялар киргизген. 1848—49-ж. Г-дагы рев-ядан кийин немең ад-тынын Лессинг баштаган улуу доору аяктап, жаны (сынчыл реализм) доор калыптанган. 19-к-дын аягында пролетариат ад-ты жарала баштайт. Немең пролетариатынын күрөшү Р. Демель (1863 —1920), Г. Гауптман (1862—1946) сыяктуу жазуучулардын чыг-ларында чагылат. 20-к-да немең ад-тында бир чети реалисттик эмес агымдар өөрчүсө, бир чети реализм тереңдейт. Т. Манндын «Будден-броктор» (1901). «Сыйкырдуу тоо» (1924) романдары, Г. Манндын «Кобес» (1925), Б. Келлермандын (1879—1951) «9-ноябрь», Э. М. Ремарктын (1898—1970) «Батыш фронтто жаңылык жок» (1929), Л. Фейхт-вангердин (1884—1958) «Ийгилик» (1930) романдары жаралат. Пролетариат ад-ты өөрчүп-өнүгөт. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү: И. Бехер, Б. Брехт, В. Бредель, А. Зегерс, Ф. Вольф (1888—1953), Э. Вайнерт (1890—1953) ж. б. Фаш. режимдин тушунда прогрессчил немең жазуучуларынын дээрлик баары чет мамлекеттерге кетет да, фашизм кыйрагандан кийин гана кайтып келишет. 1949-жылдан ГДР м-н ГФРдин ад-ты өз алдынча өнүгө баштайт. Архитектурасы жана сүрөт өнөрү. Г-нын аймагында байыртан эле герман, кейьт, славян уруулары ж-а римдиктер колдонмо иск-во чыг-ларын (там-таш, чеп, эмерек, сайма ж. б.) өнүктүрүп келген. О. кылымда чептери, ратуша, цех, кампа, дүкөн имараттары бар шаарлар өсүп чыгып, арх-ра м-н скульптуранын роман (10—13-к., Шпейер, Майнц, Вормс ш-ла-рындагы соборлор) ж-а готика (13—15-к., Кёльн, Фрейбург, Ульма ш-ларындагы соборлор) стилиндеги шедеврлери жаралат. 16-к-да немең Кайра жаралуусунун реалисттик аск-восу өсүп-өнүгөт (живопис-чилер А. Дюрер, Х. Хольбейн, М. Грюневальд, Л.. Кранах; скульпторлор Ф. Штос, A. Крафт, П. Фишер). 17-к-дын аягы— 18-к-дын башында санжыргалуу ж-а пафостуу барокко стили (архитекторлор Б. Нёйман, А. Шлютер, М. Пёппельман, художниктер агалы-ини Азамовдор) күч алат да, 18-к-дын ортосунан ал классицизм (архитекторлор Г. В. Кнобельсдорф, К. Г. Лангханс, скульпторлор И. Г. ГПа-дов, К. Д. Раух) ж-а реализм (график Д. Н. Ходевецкий) м-н алмашат. 19-к-да классицизм үлгүсүндөгү имараттардын ордуна карандай инженердик курулуштар (көпүрөлөр, чоң залдар) м-н салтанаттуу эклектикалык имараттар (архитекторлор П. Валлот, Г. Земпер) курула баштайт, сүрөт өнөрүндө романтизм (Ф. О. Рунге, К. Д. Фридрих) өсүп-өнүгүп, 19-к-дын 2-жарымынан реализмге (А. Менцель, B. Лейбль, М. Либерман) орун бошотот, о. эле идеалдуу-фантастикалык образга умтулуу байкалат (Х. фон Маре, А. Фейербах, скульптор А. Хилдебранд). 20-к-да немең функционализминин арх-расы дүйн. мааниге ээ болду — (П. Берене, В. Гропиус, Э Мендельзон, Л. Мис ван дер Роэ), пролетардык ж-а согушка каршы кыймыл м-н байланышкан реалисттик иск-во ж-а экспрессионизмдин жекече өнөрү өнүгөт (Ф. Марк, К. Хофер). Музыкасы. Немец эл ырларын вагнаттар м-н шпильмандар (ырчылар) өнүктүрүп келген. 12—13-к-да миннезингерлер (Вальтер фон дер Фогельвейде, Вольфрам фон Эшенбах, Готфрид Страсбургский) мектеби пайда болот. 11—13-к-да бюргер, 14-к-да мейстерзинг (Г. Сакс, 16-к.) музыкасы өнүгөт. 15—16-к-да вокалдык ж-а вокал-дык-аспаптык, кийинчерээк аспаптын, көбүнчө орган музыкасы басымдуулук кылат. Элдик обон-ырлардын (протестант хоралынын) өнүгүшүнө Дыйкандар согушу ж-а Реформация түрткү берет. 17-к-да Г. Шюц, Д. Букстехуде өңдүү му-зыканттардын чыг-лары эл арасына кеңири тарайт. Аспаптардын коштоосу м-н жеке аткарылуучу гражд. ырлар, клавир ж-а оркестрдик сюиталар өнүккөн. Туңгуч улуттук опера театрынын пайда болушу (Гамбург, 1678—1738) Р. Кайзер, Г. Ф. Телемандын ысымдары м-н байланыштуу. Немең муз. мад-тынын өнүгүшүнө И. С. Бах, Г. Ф. Гендель зор салым кошкон. 18-к-дын 2-жарымында шаар калкынын маданий турмушуна романс кире баштайт. Г. музыкасында ад-ттагы «Бороон жана чабуул» агымына окшош Ман-гейм мектеби түзүлүп, «эски Вена мектебине» кошулуп, Вена классикалык мектебинин жаралышын шарттаган. Немең ж-а дүйн. мад-ттын өнүгүшүнө өтө зор эмгек сиңирген К. В. Глюк, Й. Гайдн, В. А. Моцарт ж-а Л. Бетховен да ушул Вена классикалык мектебинен чыккан. 19-к-дын i-жарымындагы демокр. романтизм агымынын өкүлү — К. М. Вебер. Рев-янын алдындагы мезгилде Ф. Мен-дельсон- Вартольди, Р. Шуман, Р. Вагнер сыяктуу ири музыканттар чыккан. Немең муз. мад-тында 1848-жылдан көбүнчө Г-да жашаган венгр композитору, дирижёр ж-а пианист Ф. Листтин чыг-лыгынын мааниси да зор. Й. Брамс (1862-жылдан Венада жашаган) классикалык салттардын мурасчысы ж-а аны улантуучу катары белгилүү болсо, Р. Штраустун чыг-лары фантазияга байлыгы м-н айырмаланган. 20-к-дын 20-жылдарында музыкада ар түрдүү стилдер пайда болот. Алардын ичинен гуманист комп. П. Хиндемиттин, 1877-ж. Жалпы жумушчулардын ырчылар союзу уюшулган. Улуу Окт. соц. рев-ясы пролетардык музыканын жаңы бийикке көтөрүлүшүнө түрткү берди. Фаш. диктатуранын учурунда немец муз. мад-ты өтө төмөндөп, улуттук музыканын алдыңкы салттары бурмаланды. Прогрессчил мыкты музыканттар эмиграцияга кетти, бир тобу концлагерлерде курман болду. Экинчи дүйн. согуштан соң Г-да музыканын кайтадан өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бирок ал өнүгүү Г-дагы эки башка (соң. ж-а капит.) мамл. түзүлүштүн шарттарына ылайык ар түрдүү багытта ж-а деңгээлде жүрүп жатат. Театры. Немец калкынын театр өнөрү элдик салт оюн-зооктордон келип чыккан. О. кылымда кыдырма актёрлордун (шпильмандар) өнөрү өөрчүгөн. Театр жанрынын негизги түрлөрү христиан динине байланышкан литургиялык драма, мистерия, миракль, фарс болгон. Диний окуу жайларда мектеп театрлары жаралган. 16-к-дын акырында Г-да англис оюнчулары аткарган драмалар кеңири тараган. 17-к-дын ортосунда туңгуч немең профессионал труппасы уюшулган. 18-к-да Г. театры ж-а драматургиясы Агартуу-чулук идеяларынын таасиринде өнүккөн. Сахна аркылуу улуттун биримдиги, саясий эркиндик, социалдык адилеттүүлүк идеялары жайылтылган. Драматург И. К. Готшед м-н актер К. Нейбердин театрында франц. классицизмдин принциптери өөрчүтүлгөн. 18-к-дын 2-жарымында элдик өнөргө байланышкан муз.-драмалык жанр—зинг-шпиль пайда болгон. Театр өнөрүнүн өнүгүшүнө Г. Э. Лессингдин эмгектери чоң таасир берген. Реалисттик немең театрын өерчүтүүдө жазуучу К. Л. Иммермандын ролу зор. Мангейм улуттук театры (1777) А. В. Иффланд, А. Коцебдин консервативдик, мещандык пьесаларын койгон. Башында И. В. Гёте ж-а Ф. Шиллер турган Веймар театры (1791) веймардык классицизм деп аталган монументтүү театр түзүүгө аракет жасаган. 19-к-да Берлин, Дрезден, Гамбург ж. б. ш-лар ири театр борборлору болгон. 60— 90-жылдары Мейнинген театры иштеп, оюн көрсөтүү мад-тын бир кыйла өйдө-лөткөн. 19-к-дын аягы — 20-к-дын башында Л. Кронек, А. Матковский, Э. Поссарт, Л. Барнай, й. Кайнц өңдүү театр ишмер-лери чыккан. 20-к-да немец театрынын өнүгүшү карама каршылыктуу мүнөздө болот. Анда декаденттик агымдар күч алат, аны м-н бирге жумушчу кыймылы м-н байланышкан театр өнөрү да өөрчуйт. Буга режиссер Э. Пискатордун, драматург Б. Брехт-тин, актёрлор Э. Буш м-н Х. Оттонун чыг-лыгы мисал. Фаш. диктатура убагында театр нацисттик идеяларды жайылтуучу жайга айланат. Прогрессчил театр ишмерлери куугунтук жеп, көбү чет элге кетет. 1944-ж. театрлардын баары жабылат. Согуштан кийин немец театры кыйынчылык м-н кайра түзүлө баштайт. Ал эми 1949-жыл-дан тартып немең театры ГДРде ж-а ГФРде эки башка шартта ж-а айырмалуу багытта өнүгөт. Киносу. Г-да кинематография 1895-ж. пайда болгон. Көркөм фильмдер 1913-жылдан чыгарыла баштаган. 20-к-дын башындагы мыкты фильмдер «Прага студенти» (реж. С. Рие), «Голем дүйнөгө кандайча келди» (реж. П. Вегенер). 1914 —18-жылдагы документ ж-а согуштук фильмдердин көбү шовинисттик духта тартылган. 1917-ж. «УФА» кинофирмасы негизделген. Согуштан кийин көбүнчө тарыхый монументтүү фильмдер (реж. Э. Любич) тартылган. Экспрессионисттер-днн программалык фильми — «Доктор Ка-лигаринин кабинети» (реж. Р. Вине). Реалисттик багыттагы «Соңку киши» фи-льминен кийин 20-жылдардагы кинодогу кризистен кутулуш үчүн пролетардык киноиск-во түзүү керектигине прогрессчил ишмерлердин көзү жетти. Сов. фильмдер («Броненосец Потемкин» ж. б.) көрсөтүлөт. СССР киностудиялары м-н бирге социалдык-сын («Краузе эненин бакытка саякаты», реж. П. Ютци), согушка каршы («Тайталаш жер», реж. В. Тривас) бир нече фильм тартылат. Айрым адабий чыг-лар экрандаштырылат. Фашизмдин тушунда мыкты кино ишмерлер эмиграцияга кетет. Г-да фаш. көңүл ачууга арналган фильмдер көрсөтүлөт. Экинчи дүйн. согуштан кийин Чыгыш Германияда «ДЕФА» (1946) студиясы түзүлөт.

Ад.:   Маркс К., Энгельс Ф., Немецкая идеология, Соч., 2 изд., т. 3; Э н-г е л ь с Ф., Революция и контрреволюция в Германии, там же, т. 8; ХонеккерЭ., Роль рабочего класса и его партии в социалистическом обществе, пер. с нем., М., 1973; Ерусалимский А. С, Германский империализм: история и современность, М., 1964; Розанов Г. Л., Германия под властью фашизма (1933— 1939 гг.), М., 1964; Германская история в новое и новейшее время, в 2-х т., т. 1, М., 1970; История немецкой литературы, 1—4, М., 1962—68; Либман М. Я., Искусство Германии XV »и XVI веков, М., 1964

от 2020