Бул партиянын түзүлүшүнө К. Маркс м-н^ Ф. Энгельс тарабынан негизделген Коммунисттер союзунун иши, I Интернационал идеясынын Германияга таралышы, Маркс, Энгельс м-н алардын шакирттеринин бурж. идеологияга ж-а майда бурж. социализмдин ар кандай агымдарына каршы күрөшү өбөлгө, болгон. 1869-ж. Эйзенах ш-нда-гы съездде Жумушчу союздарынын Нюрнберг бирикмесинө Жалпы герм. лассалчыл жумушчу союзунун солчул элементтери кошулуп, натыйжада Германия с.-д. жумушчу партиясы келип чыккан. 1875-ж. Гота ш-нда өткөн съездде эйзенахчыларга лас-салчылар кошулуп, андан Германия с.-д. партиясы (1890-Жылга чейин Соң. жумушчу партия) түзүлгөн. Бул бириктирүүчү съездде кабыл алынган анын программасында лассалчыл ой-пикир басымдуулук кылып, пролет, диктатурасы ж-дө эч нерсе айтылган эмес. Ал программаны Маркс катуу сындаган. 1891-ж. Эрфурт ш-нда болгон съездде ГСДПнин жаңы программасы кабыл алынган. Гота программасына караганда бул бир кадам алга жылыш эле. Анда жумушчу табынын саясий бийликке жетиши, таптардын ж-а таптык үстөмдүктүн жоюлушу керек экени айтылган. Бирок пролет, диктатурасы тууралуу бул программада да сез козголгон эмес. Империализм доорунда ГСДПдеоп-портун. тенденциялар күчөдү. Э. Берн-штейн баштаган ревизионисттер марк-сизмдин уюткусун (тап күрөшү, пролет, диктатурасы) ревизиялаган. Бирок А. Бебель, Р. Люксембург өңдүү социал-демократтар аларга каршы туруп, партияны тап күрөш жолунан тайдырышкан жок. Биринчи дүйн. согуш убагында ГСДПнин жетекчилери социал-шовинизм позициясына өткөн, импер. согушту колдогон. Бул мезгилде ГСДП социал-шовинисттер, центристтер ж-а солчулдар деп бөлүнгөн. 1916-ж. К. Цеткин, К. Либк-нехт, Р. Люксембург баш болгон ин-тернационалисттер «Спартак тобун» кураган. Бул Германия коммунисттик партиясын (ГКП) түзүүгө негиз болгон. Жумушчу табы солчулдар тарапка өтүп кетет деп чочулаган центристтер 1917-ж. Германиянын көз карандысыз с.-д. партиясын (ГКСДП) уюштурган. 1918-жылдан кийин бийликке келген оңчул социал-демократтар герман империализмин сактап калууга, ал эми фаш. диктатуранын тушунда жаңы режимге ыңгайлашууга аракет жасады. Бирок фашисттер партияга тыюу салды (1933). Катардагы көптөгөн социал-демократ^-тар коммунисттер башкарган анти-фаш. күрөшкө катышты. Экинчи дүйн. согушта фаш. Германия талкаланган соң тыюу салынган саясий партиялар кайрадан иштей баштады. Чыгыш Германияда антифаш. күрөшкө катышкан коммунисттер м-н социал-демократтар биригип, 1946-ж. Германия социалисттик бирдиктуу партиясын (ГСБП) түзүштү. Батыш Германияда коммунисттер м-н социал-демократтардын биригүү-сүнө К. Шумахер башында турган оңчул социал-демократтардын жетекчилери жолто кылды. 1946-ж. майда Батыш Германиядагы с-д. уюмдар Германиянын с.-д. партиясы м-н бирикти. 1959-ж. Бад-Го-десбергде кабыл алынган жаңы программадан кийин ГСДП марксизмден толук кол үздү. 50-жылдарда ал ГФРдин куралдануусуна каршы болсо да, бара-бара ал жолдон да тайыды. 1960-ж. бундестагдагы социал-демократтардын фракциясы Аденауэр-днн өкмөтүнүн агрессиячыл тышкы саясатын кубаттады. Мындан кийин көп узабай эле ГСДП өкмөттүн составына (1966) кирди. 1969-ж. бундестаг-га шайлоодо социал-демократтар башкарган коалициялык өкмөт түзүлдү. ГСДПнин пред-ли В. Брандт канцлер-зпкке шайланып, анын өкмөтү Европада согуштан кийинки жылдарда болгон өзгөрүштөргө моюн сунуу, Европадагы мамлекеттер арасындагы абалды жакшыртуу, соң. өлкөлөр м-н мамиле түзүү б-ча аздыр-көптүр жакшы иштер жүргүзгөн. ГСДП — ГФРдеги эң ири саясий партия. Анын 995 миңден ашуун мүчөсү бар (1975-жылдын башы). ГСДПнин жог. органы — Борб. башкарма ж-а Президиум. Борб. органы — Форбертс» газетасы.

от 2020