ГЕРМАНИЯ ДЕМОКРАТИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ (ГДР)

— Борб. Европадагы соц. мамлекет. Батышынан ГФР, түш.-чыгышынан ЧССР, чыгышынан ПЭР м-н чекте-шет. Түндүгүнөн Балтика децизи чулгап жатат. Аянты 108,2 миң км2. Калкы 16 925 миң (1975). Борбору—Берлин. Ад-мин, жактан 15 округга бөлүнот. Мамлекеттик түзүлүшү. ГДР — соң. респ-ка. Азыркы конституциясы 1968-ж. кабыл алынган. Мамл. бийликтин жог. органы — жалпы эл 4 жылга шайлоочу (500 депутаттан турган) Элдик палата. Ал конституция ж-а закондор кабыл алат, Мамл. Советтин пред-лин ж-а мүчөлөрүн, өкмөт мүчөлөрүн, Улуттук коргонуу советинин пред-лин, Жог. соттун мүчөлөрүн, Ген. прокурорду шайлайт. Элдик палатанын сессия аралыгындагы иштерин Мамл. Совет аткарат. Мамл. бийликтин жог. органы — Мин. Совети. Ал өз мүчөлөрүнөн президиум түзөт. Мамл. бийликтин жерг. органдары — калк тарабынан шайлануучу элдик өкүлдөр. Ар бир элдик өкүлдөр тобу өз аткаруу органы болгон со-веттерди ж-а комиссияларды түзөт. ГДРдин сот системасына Жог., ок-ругдук, р-ндук ж-а коомдук соттор кирет. Закондуулукту сактоо жагын башында ГДРдин Ген. прокурору турган прокуратура көзөмөлдөйт. Мамл. гербин ж-а мамл. желегин к. Мамлекеттик герб ж-а Мамлекеттик желек макалаларынын таблицасынан. Табияты. ГДРдин жери Борб. Европанын так ортосундагы мелүүн зонада. Түндүгүн Балтика деңизи кур^ чайт, булуң-бухталары кургактын ичине кирип турат. Өлкөнүн түндү-гүнүн көпчүлүк бөлүгүн Орто Европа туздугу ээлеп жатат. Түштүгүндө Гарц, Тюрингия Токою, Руда тоосу сыяктуу анчалык бийик эмес тоолор бар. ГДРдеги эң бийик жер — Руда тоосундагы Фихтельберг чокусу (1213 м). ГДРдин түш. бөлүгү эпи- герцин платформасына кирет. Анын бүктөлгөн фундаментин палеозой ж-а кембрийге чейин пайда болгон тоо тектери түзөт. Фундаменттин үстүндө неоген (кум, чопо) м-н антропоген (мөңгү ж-а суу-мөңгүлүк) чөкмө тектери, Балтика деңизине жакын^ ар кайсы жерлерде мезозой ж-а кайно-зойдун тоо тектери жатат. Платфор-манын үстүндөгү тоо тектерде күрөң көмүрдүн, калий тузунун, жездүү сланецтин калың катмарлары ж-а газ м-н нефть кендери, ал эми фунда-ментте коргошун-цинк, темир ж-а уран рудалары бар. Климаты мелүүн, түндүгү м-н түн.-батышында деңиздик, башка жерлеринде деңиздиктен континенттикке өтмө климат. Январдын өрт. темп-расы түндүгүндө —0,1°Сден 0,6°Сге чейин, түштүгүндөгү тоолуу аймактарда —4, —5°С; июлда деңиз жээгинде 16— 17°С, ортоңку бөлүгүндө 17,5— 18,5°С, тоолордо 15— 16°С. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 525—650 мм, чыгышында ж-а ортолук бөлүгүндө 480—610 мм, тоолордо 900—1100 мм. Ири дарыялары: Эльба, Одер, Безер. Алар жамгыр суусунан куралат. Кышкысын кээ бир дарыялары аз убакытка (Одер 1 айга, Эльба 10 күнгө) тоңот. Түштүгүндөгү дарыялар орто бийик тоолордон агып түшөт, алардын куралышына жамгырдан башка кар-мөңгү суулары Да кошулат. Түштүгүндө көп суу сактагыч ж-а ГЭСтер курулган. Дарыялар өз ара каналдар м-н туташтырылган. Саз, көл көп. Ири көлдөрү: Мюриц, Шверинер-Зе, Плауэр-Зе, Куммеро-вер-Зе. ГДРдин аймагы, айрыкча түн., борб. ж-а тоолуу р-ндору күл топурактуу, өлкө аймагынын 1/4 бөлүгүн күрөң ж-а боз түстөгү токой топурагы ээлейт (негизинен түш.-батышта). Лейпцигдин борборундагы Клара Цеткин атындагы парк. Арткы планда университеттин имараты жана Жаңы ратуша му-нарасы. Гарц тоосунун чыгыш ж-а түн. этек-тери, Тюрингия туздүктөрү кара топурактуу. ГДРдин аймагынын 27,3% токойлуу. Мунун басымдуусу жакшы өздөштүрүлгөн ж-а тигилген токой. Түндүгүндө мырза карагайлуу ири токой аянттары, Берлиндин чет жа-касындагы айрым түздүктөрдө жазы жалбырактуу ж-а мырза карагайлуу токойлор, тоолордо пихта, граб, клён аралашкан бук ж-а карагай токою өсөт. Мекленбург көлдүү орөөндө-рүндө кайың, мырза карагай, ольха аралаш бук ж-а эмен^бук токою (аянты кичирээк, бирок көп) бар. Калган жерлерде токой айдоо аянттары м-н жемиш бактарынын аралыгында сакталган. Түндүгүндө ж-а бийик тоолорунда вереск, арча, чөп өскөн ачык жерлер орун алган. Жапыбарларынап токойлуу жерлеринде бугу, элик, каман, коён. Эльба өрөөнүндө кемчет, суусар, жапайы мышык бар. Канаттуулардын ж-а балыктын түрлөрү көп. ГДРдин аймагынын 17% мамлекет коругу. 1971-ж. 651 корук, 400дөн ашык дем алуу жайы болгон. Өлкөдө күрөң ж-а таш көмүр, чым көң, калий ж-а таш туздар м-н металл рудаларынын кендери бар. Калкы. ГДРдин калкынын 99% немең (1973). Славяндарга кирүүчү лу-жичандар (сорбдор) 100 миңге жакын. Динге ишенгендердин көбү (86% ке жакыны) — протестант, калганы— католик. Калктын орт. жыштыгы 1 км2 ге 158 киши; элинин 74% шаарда жашайт. Ири шаарлары (1971-ж., калкы миң адам м-н): Берлин—ГДРдин борбору (1084,9), Лейпциг (583), Дрезден (500,1), Карл-Маркс-Штадт (298,3), Магдебург (270,5), Галле (260,0), Эрфурт (195,0), Росток (195,0), Потсдам (110,8) ж. б. Тарыхый очерки. Экинчи дүйн. согушта гитлерчиликке каршы коалиция герм, фа-шизмди жексен кылды. Бул тарыхый жеңиште СССР башкы роль ойноду. Фа-шизмдин тыйпыл болушу Германиянын коомдук-саясий турмушун демократташ-тыруу үчүн өбөлгө түздү. Бул өбөлгө болочок ГДРдин терр-ясында толук ишке ашты. Немец пролетариаты эмгекчилердин башка катмарлары м-н союздашып, Германиянын Бирдиктүү Социалисттик партиясынын (ГБСП) жетекчилиги, Сов. Союзунун аскердик администрациясынын жардамы м-н рев-ячыл кайра курууларды жүргүзүп, демокр. тартип орнотту. Согуш кылмышкерлери, нацисттер жоопко тартылды, 9,3 миңдей ө. ж. ишканасы эл менчигине өттү. Т. ж-дун дээрлик баары мамлекеттештирилди, мамл. ж-а кооперативдик мекемелер түзүлдү. Экономи-када элдик сектор пайда болду. А. ч-да агрардык реформа жүргүзүлүп, жерсиз ж-а аз жер ,, { дыйкандарга 2,2 млн га жер бөлүнүа берилди. Конфискациялан-ган жерлердин калган бөлүгүндө элдик чарбактар (имениелер) уюштурулду. Бирок Батыштын башкаруучу чөйрөлөрү Германияны демилитаризациялоо ш-а демократташтыруу ж-догү Потсдам конференциясынын (1945) чечимдерин бузду. Батыш Герм. ири буржуазия м-н бирге герм. милитаризмди калыбына келтирүүгө көп күч жумшады, натыйжада 1949-ж. сентябрда Батыш Герм. сепараттык мамлекет — Германия Федерация Республика-сын (ГФР) түзүп жаны тынды. Германиянын чыгышында™ эмгекчи калк 1949-ж. 7-октябрда Германия Демократия Республикасын (ГДР) жарыялады. Элдик палата ГДРдин конституциясын колдонууга берди. Убактылуу парламент тарабынан В. Пик президенттикке шайланды (1949, 11-окт.); О. Гротеволь ГДРдин түзүлгөн өкмөтүн башкарып калды. Совет өкмөтү ГДРге Сов. аскердик админ. башкаруу функцияларын өткөрүп берди. ГДР 1949— 63-ж. СССР, Польша, Болгария, Венгрия, Куба ж. б. мамлекеттер м-н дипл. мамиле түздү; антифаш.-демокр. тартипти чыңдоо м-н бирге социализмдин негиздерин түзө баштады. Мамл. бийлик жумушчу-дыйкандар өкмөтүнүн колуна өттү. ГБСП-нин 2-конференцияеы (1952, июль) социализмдин негиздерин куруу ГДРдин башкы милдети деп жарыялады. Жаңы коомду курууда ГДР СССРдин тажрыйбасына ж-а ар тараптуу жардамына таянды. Германиянын экиге бөлүнүшүнөн улам таш көмүр, темир, түстүү металлдар алынуучу жерлер Батыш Германиянын карамагында калган эле. Бул ГДРдин эл чарбасынын өнүгүшүнө белгилүү даражада тоскоол кылды. Бирок жумушчу табынын күжүрмөн эмгегинин натыйжасында эл чарбасын калыбына келтирүүнүн ж-а өнүктүрүүнүн 2 жылдык планы (1949 —50) мөөнөтүнөн мурда орундалып, ө. ж. ж-а а. ч. жагынан зор ийгиликтер камсыз кылынды. 1-беш жылдык пландын (1951—55) натыйжасында ө. ж. өндүрүшү 1936-жылдагыдан 2 эсе өстү; металлургия, оор машина куруу базасы түзүлүп, күрөң көмүр казуу, хим. продуктуларды алуу бир кыйла кеңейди. ГДРдин бул сыяктуу ийгиликтерге жетишинде СССР ж-а соц. өлкөлөрдүн иштиктүү жардамы чоң. Мис, Совет өкмөтү 1950-ж. майда ГДРдин репарациялык төлөалөрүнүн теңин кыскартып, 1954-жылдан аларды алууну таптакыр токтотту. 1955—56-ж. ГДРдин тарыхында жаңы этап башталды. Биринчи беш жылдыкта социализмдин негиздери түзүлдү. ГБСП өзүнүн 3-конф-ясында (1953, март) эл чарбасын өнүктүрүүнүн 2-беш жылдык планын кабыл алып, коомдун алдында турган эң башкы милдеттер деп буларды белгиледи: ил.-тех. прогресс үчүн күрөш, эл чарбасынын бардык тармактарына соц. өндүрүш мамилелерин жайылтуу, а. ч-да соң. кайра курууларды ишке ашыруу. 50-жылдардын аягында ө. ж-да, транспортто, соодада соц. сектор жеңип чыкты. А. ч-н кооперативдештирүү ийгиликтүү жүрүп, адамды адам эксплуатациялоо, жумушсуздук жоюлду. Эл чарбасынын тез л^огоруЯашы-нан улам эмгекчилердин турмуш-шар- ты оңолду. Мамл. органдардын ишин жакшыртуу, мамлекетти башкарууга эмгекчилерди жапа тырмак тартуу б-ча чаралар көрүлдү. ГФРдин кайра милита-ризацияланышыиа байланыштуу 1956-ж. Улуттук элдик армия түзүлдү. ГДР Батыш Берлин м-н чектеш жерлерин кор-гоону ж-а контролдоону күчөттү. ГБСПнин 6-съезди (1963, янв.) социализмди кеңири куруу программасын кабыл алып, эл чарбасын өнүктүрүүнүн перспективалуу (1970-жылга чейин) планын белгиледи, эл чарбасына жетекчилик кылуунун жаңы системасын колдоно баштады. Соц. мелдеш кеңири кулач жайды. ГБСПнин 7-съездинде (1967, апр.) өлкөдө өнүккөн соц. коомду куруунун андан аркы милдеттери белгиленди. 1968-ж. 6-ап-релде ГДРдин жаңы соң. конституциясы кабыл алынды. ГБСПнин 8-съезди (1971, июнь) жаңы 5 жылдыктын- (1971—75) милдеттерин аныктады. Съезд СССР ж-а соц. ынтымактагы башка өлкөлөр м-н байланышты тышкы саясатынын эң маанилүү милдети деп белгиледи. СССР м-н ГДРдин ортосундагы тең укуктуу мамилелер достук, өз ара жардам ж-а кызматташтык б-ча договорлор (1955, 1957, 1964) ж-а келишимдер (1965, 1970) м-н бекемделди. ГДР 1950-ж. жайында Польша, Чехосл-я, Венгрия, Болгария ж-а Румыния м-н достук договор түздү. Бул анын тышкы саясатта жасаган алгачкы кадамы болду. Варшава дек-ларациясынын (1950, 6-июнь) негизинде түзүлгөн Згожелец договору (1950) б-ча ГДР м-н ПЭРдин, Прага договору (1950) б-ча ГДР м-н ЧССРдин ортосундагы чек ара маселелери чечилди. ГДР, ПЭР, ЧССР, ВЭР ж-а БЭР м-н достук кызматташуу ж-а өз ара жардамдашуу ж-дө 1957-ж. договорлорго кол койду. ГДР — Варшава договорунуп (1955), СЭВдин (1950) ж-а соц. өлкөлөрдүн башка эл аралык уюмдарынын мүчөсү. ГБСП БК м-н ГДРдин өкмөтү дүйн. соң. кызматташтыкты ар тараптан чыңдоо үчүн зор күч аракетин жумшап жатат. 1971-жылдын июлуна чейин ГДР дүйнөнүн 30 мамлекети м-н дипл. мамиле ж-а ЮОдөн ашык өлкө м-н тышкы соода ж-а экон. мамиле түздү. ГДР тынчтык ж-а европ. коопсуздук үчүн күрөшүп, ядро куралын атм-рада, космос мейкиндигинде ж-а суу астында сыноого тыюу салуу ж-дөгү Москва (1963) договоруна, Ядро куралын таркат-поо ж-дөгү договорго (1968) кол койгон. ГФРде Брандт-Шеелдин коалициялык өкмөтү түзүлгөндө (1969), ГДРдин Мамл. Советинин пред-ли В. Ульбрихт Европа-1 нын борборунда оор абалды жеңилдетүү максатында демилге көтөргөн. ГДР СССР м-н ГФРдин (1970, 12-авг.), ПЭР м-н ГФРдин (1970, 7-дек.) ортосунда түзүлгөн договорлорун, Батыш Берлин б-ча СССРдин, Улуу Британиянын, АКШнын ж-а Франциянын 1971-жылдын 3-сентябрындагы төрт тараптуу келишимин жактырган. ГДРдин демилгеси м-н башталган сүйлөшүүлөрдөн кийин 1972-ж. декабрда ГДР м-н ГФРдин ортосундагы мамилелердин негиздери ж-дөгү Договорго кол коюлуп, ал 1973-ж. июлда күчүнө кирди. Бул суверендүү эки герман мамлекетинин ортосунда тең укуктуу мамилелердин өнүгүшүнө негиз салды. 1973-ж. ГДР м-н ГФР бир убакта ООНго мүчөлүккө кабыл алынды. Саясий партиялары, профсоюздары жана башка коомдук уюмдары. Германия бирдиктүү социалисттик партиясы (ГБСП), Германия компартиясы м-н Германия с.-д. партиясынын 1946-ж. апрелде биригишинен түзүлгөн. 1,9 млн-дон ашуун мүчөсү бар (1974). Германия демокр. дыйкандар партиясы (ГДДП), 1948-ж. негизделген. Германия либералдык демокр. партиясы (ГЛДП), 1945-ж. уюшулган. Германия улутту к-д емок р. партиясы (ГУДП), 1949-ж. түзүлгөн. Г е р м аниянын христиандык-де-мокр. союзу (ХДС), 1945-ж.негизделген. Д е м о к р. Германиянын улуттук фронту (ДГУФ),1949— 50-ж. уюшулуп,, ГДРдин бардык саясий партияларын ж-а массалык коомдук уюмдарын бириктирип турат. Эркин немец профсоюзда-рынын бирикмеси (ЭНПБ), 1946-ж. негизделген. 7,5 млн мүчөсү бар (1974). Мындан тышкары жаштар, аялдар союздары, Герман-совет достук коому (ГДР м-н Советтер Союзунун ортосундагы достук байланышты ж- а кызматташууну чыңдоодогу салымы үчүн Эл Достугу ордени м-н сыйланган; 1974тЖ. май) ж. б. коомдук уюмдар иштейт. Экономикасы. ГДР — экономикасы өтө жакшы өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Улуттук кирешедо (1970) о. ж-дын үлүшү 60,9%, куру-луштуку—8,2 %, айыл ж-а токой чар-баныкы—11,7%, транспорт м-н бай-ланыштыкы—5 %, сооданыкы—12,6 %. Ө. ж-дын соц. (мамл. мекемелер м-н кол өнөрчүлөрдүн кооперативдери) сектору, мамлекет катышуучу ж-а жеке менчик секторлору бар. Улуттук кирешенин негизги бөлүгүн соц. сектор берет. Анын ө. ж-дын дүң про-дукциясындагы салышт. саям. 82,9%, а. ч-пыкында — 95,3 %, чекене соода товарларын жүгүртуүсүндө — 87,3%, башка түрлөрү (майда товардуу, мамл.-капит. я{-а жеке менчиктер) бир аз гана үлушту түзөт. ГДР ө. ж. өндүрүшү б-ча дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөнүн катарында. Продукциянын 2/3 бөлүгүнө жакынын оор ө. ж. берет. Өлкөдө энергиянын негизги булагы — күрөң көмүр. Ал Галле, Лейпциг ж-а Котбус округ-дарынан казып алынат. Көмүрдүн жылдык казылышы 248,5 млн т дан көп (1972-ж.). Ири жаңы курулушу— Шварце-Пумпедеги күрөң көмүр комбинаты. Күрөң көмүр м-н иштөөчү дүйнөдөгү эң ири жылуулук электр станциялары (ТЭС) Люббенауда ж-а Фечауда (Котбус округу). Рейнсберг-дега туңгуч атом электр станциясы (АЭС) 1966-ж. ишке киргизилген. Өлкөдө калий туздарынын мол запасы бар. Таш көмүр (Цвиккау-Эль-сниц), темир рудасы (Гарц, Тюрингия Токою), никель (Глаухау ш-на жакын жерде), калай, яшз, коргошун (Руда тоолору), уран (Эльбзанд-штейн) рудалары казылып алынат. Согушка чейин ГДРдин аймчгында жалгыз гана чоюн металлургия з-ду («Максхютте») болгон. 50-жылдарда эки ири комбинат («Ост» — Эйзен-хюттенштадтта, «Вест» — Кальбеде) курулду, болот эритүү ж-а прокат з-ддору калыбына келтирилди. Алюминий ж-а калай ө. ж-ы түзүлдү. Өлкөдө чоюн эритүү (1970) 2 млн т, болот 5,1 млн г га жеткирилген. Жерг. рудадан жез (Эйслебен ш.), никель (Санкт-Эгидиен ш.) алынат, импорттон келген бокситтен алюминий (Биттерфельд ш.) эритилет. Ө. ж-дын негизги тармагы — машина куруу. Оор машина жасоочу з-ддор Магдебург, Лейпциг, Берлин, Дрезден ж. б. ш-ларда; вагон — Галле, Гёрлиц, Дессау ж. б. ш-ларда; тепловоз — Потсдам ш-нда. Текстиль, полиграфия машиналарын жаcоо (Карл-Маркс-Штадт, Плауэн ш-лары), элек-тротех., электроника ж-а прибор жасоо (Берлин, Дрезден, Эрфурт ш-лары), так механика ж-а оптика буюмдарын (Йена, Карл-Маркс-Штадт, Берлин, Дрезден) чыгаруу ө. ж-ы өнүккөн. Кеме куруу ө. ж-ы жаңыдан түзүлдү (Росток, Варнемюнд, Вис-мар, Штральзунд), автомобиль ө. ж-ы, трактор (Бранденбург, Нордхаузен, Шёнебек), комбайн (Веймар) жасоо да енүгүүдө. 1973-ж. өлкөдө 7860 трактор, 1147 комбайн, 1396 жүк ташуучу автомобиль, 783 картошка яшйноочу машина чыгарылган. Хим. ө. ж-нын мааниси өтө зор. Ө. ж-дын жалпы өндүрүшүндө анын үлүшү 14%. ГДР калий тузунан (жерг.) жер семирт-кичтерин чыгаруу б-ча дүйнөдө 3-орунда турат; азот, фосфат жер се-мирткичтерин, синтет. материалдар ж-а негизги химикаттарды чыгаруу өндүрүштөрү да өөрчүгөн. Ири ишканалары: «Лейнаверке» комбинаты (азот жер семирткич, синтет. була, пластмасса) Лейна ш-нда, нефть-химия б-ча ГДРдеги 1-ири ишкана — «Лейна-2» да ошол шаарда; «Бунар-верк» (синтет. каучук) Шкопау ш-нда, Биттерфельдде электрохим. комбинат, Вольфенде кино ж-а фото материалдар м-н боек, Шварц ж-а Вит-тенбергде хим. була, да азот з-ду бар. СССРден «Достук» эл аралык нефть жүргүчү м-н сов. нефтишга жиберилиши ГДРде нефть-хим. ө. ж-дын өнүгүшүнө зор көмөк берди. Нефть жүргүчү Одер жээгин-деги Шведт ш-на чейин жетип, анда нефть иштетүү з-ду ж-а нефть-хим. комбинаты курулган. Жеңил ө. ж-нын башкы тармактары — кездеме токуу ж-а кийим тигүү. Пахта, жүн кезде-мелери м-н катар синтет. кездемелер да (дедеран, вольприла ж. б.) чыгарылат. 1972-ж. өлкөдө 750 млн м2 кездеме ж-а 243 млн жуп байпак чыгарылган. Токулган кездеменин 50% тен ашыгы Карл-Маркс-Штадттан өндүрүлөт. Кийим тигүү негизинен Карл-Маркс-Штадт, Дрезден, Берлин ш-ларында өнүккөн. Өлкөдө айнек, фарфор, муз. аспап, оюнчук, тамак-аш (кант, балык, консерва) чыгаруу О. ж. да чоң мааниге ээ. А. чарбасын соң. жол м-н кайра түзүү анын ургалдуулугу м-н продуктуулугун арттырууга алып келди. Жеринин 60% а. ч-да пайдаланылат, анын 73% айдоо, 23% чөп ча-быгы м-н мал жайыты, 4% жемиш багы м-н огороддор (1970). А. ч-нын негизги тармагы — мал чарбасы, ал а. ч. продукциясынын 2/3 бөлүгүн берет. Мында негизинен сүт багытындагы уй ж-а чочко багуу басымдуу. 1973-жылдагы малдын саны: уй 5482,2 миң, чочко 10 849 миң, кой 1742 миң. Айдоо аянттарынын 50% тен ашыгы-на дан эгиндери, 25% ке жакынына тоют өсүмдүктөрү эгилет. Негизги а. ч. р-ну— Эльбанын сол жээги (Магдебург, Бердаси, Галле, Лейпциг ок-ругдары) буудай (өрт. түшүмдүүлүк гектарына 30 ц), арпа, кант кызылча эгүүгө ж-а мал чарбасына адистештирилген. Эльбанын оң яаэгинде ж-а тоолуу р-ндордо кара буудай ж-а картошка айдалат. А. ч-сы жог. даражада механикалаштырылган (1972-ж. а. ч-да 146,9 миң трактор иштеген). ГДРде жүк ташуунун 32,4% темир жолго, 54,5% деңиз транспортуна, 9,6% автомобиль жолуна, 1,8% ички суу транспортуна туура келет (1970). 1973-ж. транспорттун бардык түрү м-н 854 млн г жүк тапталган. Темир жолдун уз. 14,65 миң км, анын 1,3 миң км электрлештирилген. Автомобиль жолунун уз. 45,7 миң км, анын ичинен автострадалары 1400 км ге жакын. Суу жолунун уз. 2,5 миң км ден ашык, алардын негизгилери: Одер, Эльба, Хафель, Шпрее, Заале ж-а алардын арасындагы каналдар. Башкы деңиз порттору: Росток-Вар-немюнде, Висмар, Штральзунд. Өткөргүч түтүктөрдүн уз. 0,7 миң км. Дания ж-а Швеция м-н паром аркылуу катнашат. Аба катнашында 30 дай эл аралык линия бар. Негизги аэропорту «Шёнефельд» (Берлиндин түш. тарабында). ГДР сырткы сооданын көлөмү б-ча соң. мамлекеттердин ичинен СССРден кийинки экинчи орунда. Сыртка ө. ж. жабдуулары, электр тех. буюмдары, вагон, прибор, металл буюмдары, кеме, күрөң көмүр брикеттери, синтет. материалдар, ар кыл химикаттар, калий жер евмирткичтери, кездеме ж-а кийим-кече; мебель ж. б. чыгарылат. Четтен таш көмүр, кокс, темир рудасы, түстүү металлдардын рудасы ж-а концентраты, нефть, а. ч. сырьёсу алынат. 1973-ж. тышкы сооданын 66% соң. өлкөлөргө (СЭВ), анын ичинен 35% СССРге туура келген. СССРден нефть, түстүү металл, жыгач материалдарын алып, ага кеме, вагон, станок ж. б. буюмдарын сатат. Алардан башка Чехосл-я, Польша, Венгрия, Болгария, Алжир, Сирия, Египет, Иран, Индия, Швеция, Улуу Британия, Франция, Австрия, Италия, Бельгия ж. б. өлкөлөр м-н соода жүргүзөт. ГДР — Экон. өз ара көмөк советинин (СЭВ) мүчөсү, соц. экон. ин-теграциянын комплекстүү программасынын катышуучусу. Акчасы — ГДР маркасы (100 марка — 40 сом 50 тыйын, 1973-ж. янв.). Куралдуу күчтөрү. ГДРдин Улуттук элдик армиясы (УЭА) кургактагы аскерлер, ААК, ПВО аскерлери, АДФ, чек ара аскерлеринен турат. Куралдуу күчтөрдүн баарын улуттук коргонуу министри башкарат. УЭАнын Башкы штабы, куралдуу күчтөрдүн, аскер округдары м-н совет-теринин штабдары бар. Жог. саясий органы — Башкы саясий башкарма. 1956-жылдан курала баштаган УЭА — Германиянын тарыхында биринчи жолу эмгекчилердин мүдоосүн коргогон армия. Ал Варшава договору уюмунун составында боордош армиялар м-н бирге Европадагы тынчтыкты ж-а коопсуздукту камсыз кылуу мүдөөсүн көздөйт. Армия жалпыга милдеттүү аскер кызматын киргизүү ж-дөгү (1962-ж. 24-янв.) закондун негизинде ж-а ыктыярдуулук принцибинде куралат. Аскерге чакыруу курагы 18 жаш, аскер кызматын өтөө мөөнөтү — 18 ай. УЭАнын биринчи бөлүктөрү аскердик ант берген 1956-жылдын 1-марты — ГДРде Улуттук элдик армиянын Күнү ж-а жалпы элдик майрам. Саламаттык сактоосу. 1970-ж. 1000 кишиге терөлгөндерү 13,9, өлгөндөрү 14,1, ал эми балдардын өлүмү 1000 тирүү төрөлгөндөргө 18,8 болгон. Эркектердин өрт. жашы 67,8, аялдардыкы 73,1. Оорунун щ-а өлүмдүн себептери — жүрөк-кан тамыр, рак оорулары. Туберкулез, кептөөр, кызылча ж-а гепатит вирусу м-н ооруган-дар бир кыйла азайды. Мед. жардам акысыз. 1970-ж. 190 миң койкалуу 626 оорукана (1000 кишиге 11,1 койка) иштеген. 1970-ж. 27,3 миң врач (626 кишиге 1 врач), 7,3 миң тиш врач, 2,9 миң фармацевт ж-а 245,1 миң орто ж-а жардамчы персонал иштеген. Өлкөдө врачтарды З мед. академия м-н ун-ттердин 6 ф-тети даярдайт. Элге билим берүүсү. ГДРдин агартуу системасы 1965-ж. кабыл алынган билим берүүнүн бирдиктүү соц. системасы ж-де-гү законго негизделет. Балдар 3 жашка чейин яслиде, 3—бга чейин бала бакчада тарбияланат. ГДР конституциясы (1968) бардык граждандарга билим алууга бирдей укук берип, аларды 10 жылдык орто билим алууга милдеттендирет. 10 жылдык жалпы орто билим берүүчү политех, мектепте окуу м-н тарбия, сабак м-н өндүрүш айкалыштырылган. 1970—71-окуу жылында 2,5 млн-го жакын бала 10 жылдык орто мектептерде окуган. 10 жылдык орто мектептердин негизинде жог. окуу жайларга даярдоочу 2 жылдык кеңейтилген жалпы билим берүүчү орто мектептер иштейт. Аны бүтүргөндер жетилүү аттестатын алышат. Кесипчилик билим 10 жылдык орто мектептин базасында 2 жылдык кесипчилик мектебинде берилет. 8-классты бүтүп, орто мектептен кеткен кээ бир окуучулар кесипчилик мектепте 3 жыл окуйт. Кесипчилик мектептердин көпчүлүгү адис жумушчу деген дипломго кошо жетилүү аттестатын да берет. Орто мектепти бүт-көндөр үчүн бул мектептерде окуу мөөнөтү 3 жыл. 1970—1971-окуу жылында 430,9 миң бала профессионалдык мектептерде окуган. Атайын орто билим берүү окуу жайларында техникумдар, инженердик мектептер бар. Элге билим берүү системасы үчүн кадрлар 10 жылдык орто мектептин базасында даярдалат. Бала бакчалар үчүн тарбиячы ларды 2 жылдык пед. окуу жайлар, орто мектептеги төмөнкү класстын мугалимдерин 3—4 жылдык мугалимдер ин-ту, 5—12-класстын мугалимдерин жог. окуу жайлары даярдайт. 1970—71-окуу жылында 54 жог. окуу жайда 138,7 миң студент окуган. Ири жог. окуу жайлары: Гумбольдт атн. Берлин университети, Лейпцигдеги К. Маркс атн. ун-т (1409), Галледеги М. Лютер атн. ун-т (1694) ж. б. Ири китепканалары: Берлин деги Мамл. немец китепканасы (1661), К. Маркс атн. ун-ттин китепканасы (1543). Музейлери: Мамл. музей (1830), Дрезден сүрөт галереясы (1560), Бухенвальд-дагы мемориал музейи ж. б. Илим жана илимий мекемелери. 1. ТАБИГЫЙ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ИЛИМДЕР. Матем. изилдөөлөрдүн негизги багыттары: матем. логика, матем. анализ, топология, алгебра, сандар теориясы, матем. статистика ж. б. 50-жылдардын аягынан кибернетика, моделдөө б-ча изилдөөлөр күчөдү. Матем. изилдөөлөр тармагында Л. Будах, О. Бунке, Г. Грелл, Д. Клауа, К. Шрёдер, Х. Ю. Тредер сыяктуу илимпоздордун ысымдары белгилүү. Физика тармагындагы изилдөөлөрдүн негизги багыттары: катуу заттардын ж-а жарым өткөргүчтор физикасы, электрони-канын физ. негиздери, кванттык электроника, электрондук микроскопия, толкун-дардын бардык узундуктарынын оптика-сы ж-а спектроскопиясы, плазма физикасы ж-а статистикалык физика. 50-жылдардын башында Герм. ИАда (Берлин) ж-а ун-ттеринде физ. изилдөөлөрдүн бор-борлору түзүлгөн. Ядро энергиясын тынчтык максатка колдонуу, төмөнкү энергиянын ядролук физикасы ж-а жог. энергиянын физикасы б-ча да иштер кулач жайды. Физ. изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө В. Фридвих, М. фон Арденн, П. Гёрлих, Г. Герц, П. Кунце, Ф. Мёглих, Р. Ромпе, В. Шюц, Р. Зелигер, М. Штенбек ж. б. илимпоздор чоң салым кошту. Астр-ялык ж-а астрофиз. изилдөөлөрдүн борборлору: 1945-жылдан кийин ачылган Родевиштеги, Бабельсбергдеги, Йендеги обсерваториялар, Потсдам астрофиз. об-серваториясы ж-а жаңыдан курулган Таутенбург астр-ялык обсерватория (эки метрлик рефлектору бар). Илимпоз астро-номдор м-н астрофизиктер: К. Хофмей-стер, Г. Ламбрехт, М. Штенбек, Х. Ю. Тредер ж. б. , Геофизика тармагында геодезия, гравиметрия ж-а геомагнетизм, ионосфераны үйрөнүү, сейсмология, физ. гидрография ж-а колдонмо геофизика -өнүгүүдө. Бу жагынан Х. Эртель, Г. Фанзелау, Э. А. Лау-тер, Р. Лаутербах, О. Люккелердин эмгектери белгилүү. Метеорология * б-ча илимпоздор: П. Дюбуа, Г. Фалькенберг, Х. Филипс, Р. Зюринр ж. б. Геология илими жерг. минерал сырьёлорун (күрөң көмүр, калий ж. б), кендерди иштетүүгө байланышкан. Геол. изилдөөлөрдү Мамл. геол. комиссия, жог. окуу жайлар, «Висмут» бирикмеси жүргүзөт. ГДРдин илимпоздору сов. окумуштуулар м-н бирге нефть, газ издөө б-ча маанилүү иштер жасашты. Геол. б-ча С. Бубнов, Ф. Дойбель, Х. Ф. Э. Каутч, К. Кегель сыяктуу илимпоздору бар. Экинчи дүйн. согуштан кийин хим. изилдөөлөр хим. ири ишканалардын лабор-яларында жүргүзүлдү. , Кийинчерээк изилдөөлөр ө. ж. лабор-яларында, Герм. ИАнын ил. из. мекемелеринде ж-а бир катар жог. окуу жайларда жүргүзүлө баштады. СССРден нефтивин көп импорт толушу ГДРде нефтехимия ө. ж-нын өнүгүшүнө ж-а ушуга байланыштуу ил. иштердин жүргүзүлүшүнө алып келди. Орг. эмес змгмиянын маанилүү багытта-рынын бири—жер семирткичтерди өндүрүү. Бу жагынан белгилүү илимпоздор: Г. Берч, Э. Коренс, Г. Дрефаль Х. Дун-кен, Х. Г. Франк, Р. Грисбах, В. Ланген—бек, Э. Лейбниц, Г. Ринекер, К. Швабе, П. А. Тисен, Э. Тило ж. б Биологиянын өнүгүшү м-н ага башка табигый илимдеринин табылгалары кирип, биол. илимдер ич ара жакындата баштады. Натыйжада биохимия, генетика, цитология, физиология сыяктуу илимдер өз ара жакындашты. Айрыкча биб-химия ж-а молекулярдык биология чоң ийгиликтерге жетишти. Биол. илиминин көрү-нүктүү өкүлдөрү: М. Герш, А. Граф-фи, Х Кнёль, К. Мотес, А. Шойнерт ж. б. Медицина б-ча ил. из. жумуштары жүрөк-кан тамыр ооруларына, өтүшүп кеткен шишиктерге, өндүрүштүк травматизм-ге, силикозго, ревматизмге ж. б. каршы багытталган. Бул багыттагы ил. из. иштерге жетекчилик кылуу ж-а пландаштыруу саламаттык сактоо мин-восунун Ил. советине жүктөлгөн. Герм. ИАда (Берлин) көптөгөн ил. мекемелерди баш коштурган мед. секция бар. Мед. илиминин өнүгүшүнө В. Фридрих (биофиз.), Ф. Бен-хейм (медицина тарыхы), Т. Бругш (терапия), Ф. Зауэрбрух (хирургия), Х. Крац (акушерство, гинекология, онкология), Шиллинг (гематология) ж. б. баалуу салым кошту. Тех. илимдер төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт: башкаруу техникасы, байланыш ж-а курулуш ишинин техникасы, прибор куруу, хим. технология, металлургиянын ж-а -металл иштетүүнүн атайын методдору, машина куруу ж. б. Көрүнүктүү илимпоздору: В. Альбринг, Г. Баркхау-зен, Г. Билькенрот, Л. Биндер, В. Бо-бет, Х. Кирхберг, Э. Маурер- В. Пауэр, Х. Г. Ридель ж. б. Тех. илимдерге Дрез-дендеги Тех. ун-т, Герм, курулуш академиясы жетекчилик кылат. 2. КООМДУК ИЛИМДЕР. ГДРде филос. изилдөөлөрдүн негизин маркетик-лениндик теория м-н соң. коомдук практикасы түзөт. Анын өнүгүшүнө В. Пик, В. Ульбрихт, Э. Хонеккердин ж-а ГСБПнин башка жетекчилеринин идеол. маселелер б-ча эмгектери маанилүү салым кошту. ГДРдин философтору матер, диалектиканын теориялык проблемаларын, соң. коомдун кыймылдаткыч күчтөрүн, соц. аң-сезимдин калыптаны-шын, ил.-тех. рев-янын (В. Эйххорн, Г. Зёдер, Г. Хайден, Э. Хан, В. Мюллер ж. б.), илимдин теориясы м-н методоло-гиясынын учурдагы маселелерин (Г. Клаус, Х. Корш, А. Козинг, Э. Альбрехт, Х. Хёрц ж. б.), өткөндүн филос. мурасын (Р. Гропп, В. Краус, Г. Штилер ж. б.) ж-а маркстик философиянын тарыхын (О. Корню, Г. Менде ж. б.) изилдөөгө көп көңүл бурушат. Филос. изилдөөлөр Герм. ИАнын (Берлин) Борб. филос. ин-тунда (социология бөлүмү бар),ГСБП БКнын алдындагы Коомдук илимдер ин-тунда, Берлин, Лейпциг, Йен ж-а Галле ун-ттеринин филос. ф-теттеринде жүргүзүлөт. Филос. изилдөөлөр ж-а талкуулар б-ча журналдар чыгат. ГДРдин тарыхчыларынын негизги көңүл бурган маселелери: немец элинин тары-хындагы тап күрөшү ж-а эл массасынын чыг-лык ролу, айрыкча жумушчу табы м-н анын рев-ячыл партиясынын күрөшү. В. Ульбрихт башында турган ГСБП БК комисеияеынын жетекчилиги м-н 8 томдук «Герман жумушчу кыймылынын тарыхы», 3 томдук «Германия тарыхы» (1965—68) жарык көрдү. ГДРдин тарых-чылары Германия тарыхынын бардык мезгилдери б-ча изилдөөлөр («Экинчи дүйнөлүк Согуштун тарыхынын проблемалары», 1959; «Германия империализма жана экинчи дүйнөлүк согуш», 1961, ж. б.) жүргүздү. К. Маркс м-н Энгельстин өмүт рүн щ-а ишин изилдөө, алардын ил. био-графияларын түзүү б-ча көп иштер аткарылды (Х. Бартель, Г. Гемков, Х. Фёр-дер ж. б.). Тарыхты изилдөө иштери ГСБП БКнын алдындагы Маркеизм-лени- низм ин-тунда, ГСБП БКнын алдындагы Коомдук илимдер ин-тунда ж-а К. Маркс атн. жог. парт, мектепте, Герм. ИАнын тарых б-ча ил. из. ин-ттарында, ун-ттер-дин тарых ф-теттеринде жүргүзүлөт. Экон. илиминин өнүгүшүнө ГДРде марк-стик-лениндик партия жетекчилик кылат. Экон. теориянын ж-а экон. саясаттын өнүгүшү Г. Pay, В. Лёйшнер, Ф. Эльснер, Ю. Кучинскийпердин изилдөөлөрү м-н тыгыз байланыштуу. 50—60-жылдарда О. Рейнхольд, А. Лемниц, X. Коциолек, В. Кальвейт, Л. Майер ж. б. илимпоз экономисттер социализмдин саясий эко-номиясын, дүйн. соц. системанын, мамл.-монополисттик капитализмдин проблемалары б-ча маанилүү эмгектер жаратты («Империализм бүгүн», 1967; «Буржуазиялык экономия азыркы капитализм тушунда», 1957 ж. б.); Ю. Кучинскийдин 38 томдуу «Капитализм тушунда жумушчулар абалынын тарыхы» жарык көрдү. Экон, изилдөөлөр ГСБП БКнын алдындагы К. Маркс атн. жог. партиялык мектепте, Коомдук илимдер ин-тунда, Немец профсоюздарынын Ф. Геккерт атн. жог. мектебинде, Герм. ИАнын (Берлин) Экон. илимдер ин-тунда ж. б. бир катар ил. мекемелеринде жүргүзүлөт. Саясий эко-номияга байланыштуу бир канча журналдар чыгат. Мамлекет ж-а укук теориясы шаар м-н айыл калкынын бийлиги болгон соц. мам-лекетин, жеке адамдын укуктарын аныктоого багытталган. Мис: В. Ульбрихт «Германия эл демократия мамлекетинин өнүгүшү, 1945—1958», 1961; Г. Ханай, «Социалисттик укук жана жеке адам», М., 1971; К. Полак, «Жумушчу-дыйкан-дар бийлигинин өнүгүшү тууралуу», 1968. ГДРде башкаруу илимине, мамлекеттин жетекчилик ролун үйрөнүүгө, коомдук кубулуштар™ прогноз коюунун методдорун иштеп чыгарууга көп көңүл бурулат. ГДРдин илимпоздору укук илимин өнүк-түрүүгө соц. өлкөлөрдүн илимпоздору м-н тыгыз байланышта эмгектенишет. Укук илимдери б-ча башкы ил. борбору — Германиянын В. Ульбрихт атн. мамлекет ж-а укук академиясы (Бабельсберг, 1952-ж. негизделген). Укук б-ча ил. иштер Берлин, Лейпциг, Галле ун-ттеринде да жүргүзүлөт. ГДРде 50-жылдардан тил илими б-ча изилдөөлөр классикалык немец тил илиминин негизинде жүргүзүлдү. Айрыкча лексикография б^ча көп иш жасалып, 1852-ж. агалы-ини Гриммдер баштаган немец тилинин тарыхый сөздүгү 1960-ж. бүткөрүлдү; 1961-жылдан В. Штайниц м-н Р. Клаппенбахтын редакциясы м-н «Азыркы немец тилинин сөздүгү» чыга баштады. 50-жылдардын орто ченинен маркстик тил илиминин негиздери иштелип чыгат (В. Штайниц, Г. Печ, Г. Майер, В. Шмидт ж. б.). Немец тилинин грамма-тикасынын маселелери, матем. лингвистика, структурализм, ар кыл тилдерди жзплдөө иши жолго коюлду. Тил илими &-ча изилдөө борборлору Берлинде (Герм. ИАнын тил илими б-ча Борб. ин-IT. Гумбольдт атн. ун-т), Лейпцигде (К. Маркс атн. ун-т ж-а Саксония ИА-сы), Потсдамда (Жог. пед. мектеп). Тил жаими б-ча бир канча журнал чыгат. 3. ИЛИМИЙ МЕКЕМЕЛЕРИ. ГДРдин түзүлүшү (1949) немец илими ж-я техникасынын өнүгүшүндө жаңы таа ачты. 1949—50-ж. эки жылдык планга аткаруунун жүрүшүндө эле ГДРдин Жш. Советинин алдында Изилдөөлөр ж-а ■ex. б-ча Борб. орган уюшулган. Илимге жалпы жетекчиликти Илим ж-а тех. мин-жэеу жүргүзөт. 1957-жылдан ГДРдин Мин. Советинин табигый ж-а тех. илимдер тармагындагы борб. консультациялоочу орган катары ГДРдин ил. из. совети түзүлгөн. Ил. кызматкерлердин саны тыным-аз көбөйүүдө: Герм. ИАда (Берлин) гшз. 1951—69-ж. ил. кызматкерлердин сазы 14 эсе, илим м-н техникага бөлүнгөн финансылоо 8 эсе өскөн. ГДРдин башкы ix. мекемеси — Герм. ИА (Берлин). Ил. жштер ун-ттер ж. б. жог. окуу жайлары, ч- ж-дын изилдөө борборлору ж. б. инт-тар м-н тыгыз байланышта жүргүзүлөт. Басма сөз, радио уктуруу, телекөрсөтүү. Мезгилдүү басма сөз ж-а анын чыгыш нускасы б-ча ГДР дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. 1974-ж. күнүгө 40тан ашык газета ж-а жума сайын чыгуучу 30 журнал, газета чыккан. ГСБП-нин белгилүү газеталары: «Нойес Дойч-ланд», «Лейпцигер фольксцайтунг», «Фрайхайт» ж. б. Башка демокр. партиялар м-н союздардын, коомдук уюмдардын өз газеталары бар. Профсоюздук «Трибю-не» газетасы, эркин немец жаштарынын «Юнге Вельт» газетасы чыгат. Илимдин, мад-ттын ар кайсы тармагы б-ча 500дөн ашык атайын журнал басылып турат. «Альгемайнер Дойчер нахрихтешшнст» телеграф информ. агентствосу иштейт. Радио уктуруу 8 негизги ж-а 10 жерг. программада, телекөрсөтүү Берлиндеги Борб. телестудия б-ча 2 программада жүргүзүлөт. Адабияты. Экинчи дүйн. согуштан кийин антифашист жазуучулар немең элинин тарыхында биринчи жумушчу-дыйкан мамлекетин түзүүгө активдүү катышты. Айрыкча ад-т ж-а иск-во ишмери Б. Брехттин мад-ттын бардык тармагына сиңирген эмгеги зор. ГДР жазуучулары немең ад-тынын классикалык салтын улантуу м-н соң. реализм багытындагы улуттук ад-тты (И. Р. Бехер, Ф. Вольф, Э. Вайнерт, Б. Келлерман, Б. Брехт, А. Зегерс, А. Цвейг ж. б.) ийгиликтүү өркүндөттү. ГДР ад-тынын согуштан кийинки негизги темасы — фа-шизмдин кылмыштуу идеологиясын ашкерелөө ж-а жеке адамдын эл, тарых алдында жоопкерчилигин тарбиялоо болду. Буга мисал А. Зегерстин «Маркумдар жаш бойдон калышат» (1949), В. Бредел-дин «Неберелер» (1953), Ф. Вольфтун «Кудайлар кеңеши» (1949) деген роман, драмалары. Социализмге өтүү жолунда ГДР жазуучулары өз чыг-ларында өспүрүм курагында гитлердик кылмыштуу согушта тескери өнөкөт ала түшкөн жаш адамдын аң-сезимин кайрадан тарбиялоо маселесин койду (В. Нёйхауз, «Уурдалган жаштык», 1959; Д. Нолль, «Вернер Хольт-тун укмуштуу окуялары», 1963 ж. б.). 1960-жылдары Г. Кунерт, Х. Калау, Ф. Браун ж-а Б. Брехттин ишин уланткан кенже муундагы Х. Байерль, П. Хакс, Х. Мюллер сыяктуу акын-драматургдар өсүп чыкты; жаштарга соц. тарбия берүү милдети балдар ж-а өспүрүмдөр алтында кеңири тарады. ГДР ж-а СССР элдеринин адабий байланыштары, асыресе ГДР ж-а кыргыз ад-тынын ортосундагы достук байланыш жыл санап өөрчүп жатат. А. Зегерстин айрым чыг-лары кыргыз, ал эми Ч. Айтматовдун «Жамыйла» (1961), «Саманчы жолу» (1964), «Жаныбарым, Гүлсарым» (1968) немең тилине которулган. Архитектура жана сүрөт өнөрү. ГДРде согуштан кийин шаарларды калыбына келтирүү ж-а реконструкциялоо (Берлин, Т. Бальден. Эрнст Буштун портрети. Коло. 1962. Сүрөтчүнүн менчиги. Древдендеги» Цвингер двореци. Дрезден, Магдебург, Росток), микрорайон-дор м-н коомдук ж-а маданий-турмуштук комплекстүү жаңы шаарларды (Эйзен-хюттенштадт, Хойерсверда) куруу б-ча кеңири иштер жүргүзүлдү. ГДРдин ар-хитекторлору (Г. Хензельман, Р. Пау-лик, Х, Хопп, й. Нетер) курулуш мадтын, индустриялык методду, композиция-ны ж-а пландоону рационалдуу, кеңири пайдаланышын, стандартташтыруу ж-а типтештирүү ыктарын, монумент иск-во-сунун каражаттарын жакшы айкалыш-тырышат. Өлкөдөгү соң. өзгөрүүлөр, ху-дожниктердин элдик турмуш м-н уламдан-улам чыңдалып бараткан байланышы, иск-вонун империализма каршы күрөшкө көбүрөөк катышышы ГДРдин иск-восунун идеялык багытын, соц. реализмдин тереңдеп баратканын аныктайт. Белгилүү живописчилер — О. Нагель, М. Лингнер, Х. Грундиг, Р. Бергандер, Б. Хеллер, В. Вомака; скульпторлор — Ф. Кремер, В. Арнольд, Т. Бальден, В. Ламмерт; гра-фиктер — Ж. Хартфилд, Л. Грундиг, Х. Рихтер, В. Клемке ж. б. Музыкасы. Берлинде Немец мамл. опера, Лейпциг, Веймар, Дрезден ж. б. ш-ларда опера театрлары ачылган. Жаны оркестрлер, хорлор, опера труппалары («Комише опер», 1947) пайда болуп, немец композиторлору м-н музыка таануу б-ча ишмерлердин союзу түзүлгөн. ГДРдин муз. мад-ты демократизми ж-а реалисттик багыты м-н өзгөчөлөнөт (комп-лор Х. Эйслер, П. Дессау). Улуу муундагы музыканттардын ичинде О. Герстер, Р. Вагнер-Регени, М. Буттинг сыяктуу көрүнүктүү композиторлор бар. И. Чилен-зек, Й. П. Тильман, Г. Кохан өңдүү комп-лордун, Э. Г. Майёр, Г. Кнеплер сыяктуу музыковеддердин даңкы эл арасына кеңири тараган. Өлкөдө музыка б-ча эл аралык ж-а улуттук конкурстар, фести-валдар өткөрүлүп турат. Дирижёрлор — Г. Абендрот, К. Зандерлинг; ырчылар — Э. Буш, Г. Май ж. б-лардын ысымдары дүйнөгө белгилүү. Берлин мамл. капелла-сы, Берлин ж-а Лейпциг радиосунун оркестри ж-а хору, Дрезден мамл. капелла-сы сыяктуу ири оркестр ж-а хор коллек-тивдери ийгиликтүү иштеп жатат. Ар түрдүү муз. коомдор да барган сайын көбөйүүдө.Театры жана балети. Немец театры 1945-ж. Г. Э. Лессингдин «Акылман Натан» спектакли м-н ачылган. Драматург ж-а реж. Б. Брехт ж-а актер Е. Вейгель «Берлинер ансамбль» (1949) театрын түзгөн. Ал театр ГДРдин өнүгүп келаткан театр өнөрү үчүн эор роль ойногон. ГДРдин драматургиясына Ф. Вольфтун («Томас Мюнцер», «Бургомистр Анна») ж-а И. Р. Бехердин («Кышкы салгылаш») чыг-лары зор таасир тийгизген. Жаңы адамдын калыптанышын көрсөтүү көп драмалык чыг-лардын негизги темасына айланды (мис, й. Кнаут, «Тилектештик»). Айрымдары айыл-кыштактагы тап күрөшүнө (Э. Штритматтер, «Кацгра-бен»), тынчтыкты жактоого (Х. Хаузер, «Ак кан»), фашизмди ашкерелөөгө (Х. Циннер, «Равенсбрюк балладасы») арналган. 1970-ж. коюлган Х. Байерлдин «Ленинге бараткан жолдо» драмасын коомчулук зор кызыгуу м-н кабыл алган. Р. Шнайдер, 3. Пфафф, Х. Заломондун ж-а Батыш Германиянын прогрессчил жазуучуларынын (Р. Хоххут, Г. Вейзенборн) чыг-лары, античный драмалар, дүйн. классика, орус ж-а сов. (өзгөчө М. Горь-кийдин) пьесалары коюлат. Театрлары: Немең театры, «Каммершпиле», «Фолькс-бюне», Берлиндеги Горький атн. театр, Веймардагы Улуттук немец театры, балдар ж-а өспүрүмдөр театры. Театр иш-мерлери: реж-лор В. Лангхофф, Г. Ван-генхейм, М. Валлентин; актёрлор Э. Буш, 3. Гешоннек ж. б. 1966-ж. ГДР театр ишмерлеринин союзу уюштурулду. Немец мамл. операсы, «Комише опер» театрында балеттик труппалар бар. Аларда классикалык, сов. оалеттер ж-а немец авторлорунун (В. Брунса, В. Хоэнзе) жаңы балет чыг-лары сахналаштырылат. Кинооу. ГДРдин кино өнөрү негизинен немец империализми м-н фашизминин бе-тин ачуу, немец элинин рев-ячыл мура-сын ж-а соц. өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү да-ңазалоо б-ча көп чыг-лар жаратты. Бул проблемалар реж. К. Вольфтун («Профессор Мамлок», 1961; «Мен 19 жаштамын», 1967), реж. К. Юнг-Альсендин («Акыркы күнгө чейин алдангандар», 1957), Ф. Бе-йердин («Жырткычтар арасында жалгыз», 1963), реж. эрди-катын Торн-дайктардын («Сен жана берки жолдош», 1956; «„Тевтон кылычы» операциясы», 1958) көркөм ж-а документ фильмдерде коюлган. Тельман ж-дөгү «Жарылган асман» (реж. К. Вольф) фильминде немец жумушчу табы ж-а мораль проблемасы көрсөтүлгөн. Тарыхый, укмуштуу окуя-луу, илимий-популярдык, мультиплика-циялык кинолор чыгарылды. СССР м-н бирдикте «Ленинге бараткан жолдо» (реж. Г. Райш), «Гойя» (реж. К. Вольф) фильмдери чыгарылды. Белгилүү актер-лор: Э. Гешоннек, Г. Зимон, Х. Дринда, А. Визневский. 1955-жылдан Лейпцигде кыска метраждуу документ фильмдердин эл аралык фестиваль! болуп турат.

Ад.:   Меркуров Г., Борьба немецкого народа за мир и единство Германии, М., 1958; С а л е к о в Н. И., Немчинов В, И., Германская Демократическая Республика (Очерк истории), М., 1969; ГДР в период развернутого строительства социализма, М., 1965; Фрадкин И. М., Литература новой Германии, 2 изд., М., 1961; Аннотированный библиогр. указатель, М., 1963; Любимова Г. Н., Новое в архитектуре ГДР, М., 1965; Сценарии кино Германской Демократической Республики, М., 1962.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *