(1848—49)—Германияда бирдиктүү улуттук мамлекет түзүү ж-а феод.-абс. тартипти жоюу максатын көздөгөн бурж.-демокр. рев-я. Ошол кездеги Германиянын саясий бытырандылыгы ж-а андагы феод. мамилелер капитализмдин өнүгүшүнө тоскоол болгондуктан өлкөдө саясий кризис күчөгөн. 1845—46-ж. эгиндин түшүм бербей калышы, 1847-жылдагы экон. кризис аны ого бетер күчөтүп, 27-февралда Баденде рев-я башталган. Марттын башында эл толкундоолору Батыш ж-а Түш.-Батыш Германияга да жайылган. 6-марттан Берлинде де-монстрациялар башталып, 18-мартта алар эл көтөрүлүшүнө айланган. Кө-төрүлгөндөр 2 күндүк кармапгтан кийин жеңишке жетишип, Пруссия ко-ролун борбордон аскерий чыгарып кетүүгө, Кампгаузен ж-а Ганземан башкарган либералдык өкмөт түзүүгө мажбур кылган. 22-мартта Прус-сиянын Улуттук чогулушу чакырылган. Эл массасынын чыгууларынын натыйжасында либералдык өкмөттөр германиялык башка мамлекеттерде да түзүлүп, бардык жерде жумушчу кыймылы жогорулаган, дыйкандардын антифеод. чыгуулары күчөгөн. Г. р-нын кыймылдаткыч күчү кеңири эл катмары болгону м-н ага либералдык буржуазия жетекчилик кылган. Анткени ал кезде Германиянын жумушчу табы аз да, алсыз да эле. Пруссия ж. б. герман мамлекеттеринде бийликке келген ири либералдык буржуазия рев-янын андан ары күчөшүнөн коркуп, ага чыккынчылык кылуу жолуна түшкөн. Алар монархиялык тартипти сактап калууга, коомдук ж-а саясий түзүлүштү демократиялашты-рууга жолтоо кылууга аракеттенишкен. Бул рев-яга К. Маркс м-н Ф. Энгельс активдүү катышкан. 1848-ж. марттын аягында алар «Германияда-гы Коммунисттик партиянын талаптарын» жазып бүтүшкөн, бул талаптар эл арасына таратылган. К. Маркс ж-а Ф. Энгельстин жетекчилиги м-н чыгып турган «Жаңы Рейн» газетасы пролетариаттын рев-ячыл авангарды-нын жарчысына айланып, рев-янын тереңдетилиши үчүн күрөшкөн. Бирок элдин рев-ячыл күрөшүнөн чочулаган герман буржуазиясы рев-ячыл жолдон улам четтей берген. Мындан пайдаланган Пруссия коро-лу Венадагы октябрь көтөрүлүшүн талкалап, 2-ноябрда жалаң гана ак сөөктөрдүн ж-а жог. бюрократиянын өкүлдөрүнөн жаңы өкмөт дайындаган, Андан көп узабай Пруссияда мамл. төңкөрүш болуп, улуттук чогулуш таркатылган. 1849-ж. жаз, жай айларында Саксония ж-а Түш.-Батыш Германияда да көтөрүлүш чыгып [к. Дрезден которулушу (1849)], бул рев-ячыл күчтөр м-н реакциянын ортосундагы акыркы салгылашуу болгон. 1848—49-жылдагы рев-я либералдык буржуазиянын чыккынчылыгы-нан, майда буржуазиянын коркокту-гу м-н ыргылжыңдыгынан, жумушчу табынын али күч ала электиги ж-а уюшпагандыгынын кесепетинен жеңилип калган.

Ад.:   Маркс К., Энгельс Ф., Требования Коммунистической партии в Германии, Маркс К., Энгельс Ф., Соч., 2 изд., т. 5; Ленин В. И., Революциячыл убактылуу өкмөт жөнүндө, Чыт., кырг. 1-бас, 8-т; К а н С. Б., Революция 1848 г. в Австрии и Германии, М., 1948.

от 2020