ГЕРМАНИЙ

(лат. Germanium), Ge — Менделеевдин мезгилдик системасынын IV тобунда ямйланыгякан хим. элемент, ат. н. 32, ат. м. 72, 59. Массалык саны 70, 72, 73, 74, 76 болгон туруктуу беш изотобу бар. 1871-ж. Д. И. Менделеев өзүнүн мезгилдик законунун негизинде Г-дин негизги касиеттерин алдын ала айтып, ал касиеттер кремнийге окшош болгону үчүн «экасилтщий» деп атаган. Аны 1886-ж. немең химиги К. Випклер ачып, өз өлкөсүнүн урматына «Г.» деп атайт. Жер кыртышында массасы б-ча 7-10—4%. Г, минералдардын составын-да ж-а таш көмүрдө, нефть сууларында, өсүмдүктөрдө, балырларда кездешет. Таза Г.— металл сымал жалтырак катуу зат. Хим. бирикмелерде 2 ж-а 4 валеиттүү. Кадимки шартта туруктуу, концентрациялуу күкүрт к-тасында ж-а падыша ара-гында жай эрийт. Абада 700°Сден жогору темп-рада Г. кычкылын GeO ж-а кош кычкылын ОеОг пайда кылат. Г. ысытууда галогендер м-н биригип, тиешелүү тетрагалогениддер алынат. Жог. темп-рада (1000°) Г. кукурт м-н сульфиддерди GeS, GeS2, суутек м-н Г. суутектерин берет ж-а көпчүлүк металлдар м-н германиддерди пайда кылат. Ө. ж-да Г. түстүү металлды иштетип чыгууда алынат. Ал радио-электротехникада, дозиметрияда, ин-фракызыл техникада, куймалары түрдүү максаттар үчүн колдонулат.

Ад.:   Давыдов В. И., Германий, М., 1964; Т анан а ев И., Шпирт М. Я., Химия германия, М., 1967.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *