ГЕРЕФОРД УЮ

от2020

Ноя 28, 2020

—эт бодосу. 18-к-да Англияда чыгарылган. Тулку бою дулдугуй, жайык, көкүрөгү салык, өңү күрөң, ала баш, куу чандыр, ала шыйрак, эткел уй. Бийикт. 125, көкүрөк курчай өлчөмү 197, тулкусунун уз. 153 см. Букасынын тирүүлөй саям. 850—1000, инеги 550—650 кг. Г. у. бат семирип, эти сапаттуу келет. Сойгондо 58—62%, кээде 70%ке чейин эт чыгат. Бул уй Англия, АКШ, Канада, Жаңы Зеландия ж. б. өлкөлөрдө көп асыралат. СССРге 1928-ж. алып келинин, аргындаштыруу ишинде пайдаланылган. Г. у. казак ж-а калмак породалары м-н ар-гындаштырылып, казактын ала баш ую чыгарылды. Порода РСФСРдин Оренбург, Челябинск, Ростов, Саратов обл., Алтай, Краснояр крайлары, Каз-н ж. б. жерде өстүрүлөт.

от 2020