ГЕРАСИМОВ

от2020

Ноя 28, 2020

 Александр Михайлович [31. 7 (12. 8). 1881, Козлов ш. (азыркы Мичуринск), Тамбов обл.— 23. 7. 1963, Москва]—сов. живописчи, СССР эл сүрөтчүсү (1943), СССР Сүрөт академиясынын айык мүчөсү (1947), иок-во таануу илимд. доктору (1951). 1950-жылдан КПСС мүчөсү. Москвадагы живопись ж-а арх-ра окуу жайында (1903—15) А. Е. Архиповдон, К. А. Коровинден таалим алган. . 1925-жылдан Рев-ячыл Россиянын сүрөтчүлөр ассоциациясынын мүчөсү. Рев-яга чейин негизинен пейзаждык сүрөттөр тартса, совет бийлиги мезгилинде көбүнчө портрет тарткан. 1929—30-ж. «Ленин трибунада» деген чыг-сын жараткан. Негизги чыг-лары «Үчөө. Кышкы жол» (1912), «Жаандан кийин» (1935), «И. В. Сталин жана К. Е. Ворошилов Кремлде» (1938, СССР мамл. сыйл. 1941-ж.), О. В. Лепешинская (1939) м-п И. И. Фисановпчтин портреттери (1942), сов. төрт карыя сүрөтчүпүп чогуу портрети (1944, СССР мамл. сыйл. 1945-ж.), «Мончо» (1940), «Октябрга арналган гимн» (1942) ж. б. 1939— 54-ж. Сов. сүрөтчүлөр союзунун уюштуруу комитетинин пред-ли, 1947— 57-ж. СССР Сүрөт академиясынын президенти. Ленин ордени, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Ад.:   Сокольников М., А. М. Герасимов. Жизнь и творчество, М., 1954.

от 2020