Сергей Васильевич [14(26). 9. 1885, Можайск, азыр Москва обл.— 20. 4. 1964, Москва] — сов. живописчи, СССР эл сүрөтчүсү (1958), иск-во таануу илимд. доктору (1956), СССР Көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947). Борб. Строганов көркөм сүрөт ө. ж. окуу жайында (1901—07), Москвадагы живопись, ийчилик ж-а зодчество окуу жайында (1907—12). С. В. Ивановдон, К. А. Коровинден таалим алган. Москванын жог. көркөм сүрөт окуу жайларында, полиграфия ин-тунда сабак берген. 1958—64-ж. СССР сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын биринчи секретары. 1920—30-ж. жаңы турмуш жолуна түшкөн дыйкандардын турмушунан алып бир нече портрет ж-а жанрдык сүрөт тарткан («Короз кармаган дыйкан аял», 1924; «Фронтовик», 1926; «Сибирь парти-зандарынын анты», 1933; «Колхоз майрамы», 1937). Г. — мыкты пейзажист. Белгилүү пейзаждык чыг-лары: «Кыш», 1939; «Муз эриди», 1945; Можайский пейзаждары, 1954 (баары Третьяков гал-нда). Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде тарткан «Партизандык энеси» (1943), согуштан кийин жараткан «Совет бийлиги үчүн» (1957) деген сүрөттөрү анын маанилүү эмгектеринен. Н. А. Некрасов, А. М. Горький ж. б. жазуучулардын чыг-ларын иллюстрациялаган. Г.— Лениндик сыйл. лауреаты (1966). Эки орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Ад.:   Галушкина А. С, С. В. Гера-сжмов, Л., 1964.

от 2020